Белова: Валентина Шевченко жылдын мыкты спортчусу наамына татыктуу

© Фото / Елена БеловаАрхив: Валентина Шевченко
Архив: Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы тай боксу (муай тай) федерациясынын жетекчиси Елена Белова белгилегендей, жылдын мыкты спортчусу наамына көрсөтүлгөн тай боксчу Валентина Шевченконун "жеңишке жетүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүгү бар".

БИШКЕК, 12-янв — Sputnik. Кыргызстандык тайбоксчу Валентина Шевченко жылдын мыкты спортчусу болуугу татыктуу экенин Тай боксу (муай той) федерациясынын башчысы Елена Белова Sputnik сайтына билдирди.

Бүткүл дүйнөлүк оюндардын эл аралык ассоциациясы (IWGA) Шевченконун жылдын мыкты спортчусу наамына көрсөттү. Кыргызстандык боксчуга аталган ассоциациянын расмий сайтынан добуш берүүгө болот. 

Белова белгилегендей, биздин спортчу кыздын бул жогорку наамды алууга "жакшы мүмкүнчүлүгү бар".

"Биз ага кандай добуш бере тургандыгыбыздан баары көз каранды. Бул наам үчүн ат салышып аткан башка спортчулардын да көрсөткүчтөрү жакшы, бирок, Валентина Шевченко эң мыктысы", — деди Белова.

Кыргызстандын спорту 2014-жылы: алдыда умтула турган нерселер көп
Ал ошондой эле, Шевченко Кыргызстандын жараны экенин, Перу мамлекети менен профессионалдык келишим түзүлгөнүн белгиледи.

Учурда Валентина Шевченконун жалпысынан 16 титулу бар. Анын ичинен согуш өнөрү боюнча 2 алтын медалды 2010-жылы Кытайда жана 2013-жылы Россияда жеңип алган. Кыргызстандын спортчу 7 жылдан бери эл аралык аренада Перунун атынан чыгып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0