Кыргызстандын спорту 2014-жылы: алдыда умтула турган нерселер көп

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүЦеремония открытия XXII зимних Олимпийских игр
Церемония открытия XXII зимних Олимпийских игр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчмөндөрдүн I дүйнөлүк оюндары, Сочидеги олимпиада оюндары, Азия оюндары, АФК кубогу спорт сүйүүчүлөрү үчүн 2014-жылдын эсте каларлык окуялары болду.

БИШКЕК, 30-дек — Sputnik. Өткөн жыл Кыргызстандын спортчулары үчүн бир кылка болбой, Көчмөндөрүн I Дүйнөлүк оюндарындагы жеңиштер, Сочидеги Олимпиада оюндарындагы утулуштар менен коштолду. Sputnik 2014-жылы кандай маанилүү спорт жаңылыктары болгондугун жана ата мекендик спортчулар таймаштарда эмнелерге жетишкендигин эстөөнү сунуштайт. 

Өкүнүчтүү жаракат

Кыргызстанда спорттун кышкы түрү боюнча мектеп ачуу пландалууда
2014-жылдын февралында Сочи шаарында (Россия) XXII кышкы олимпиада оюндары өтүп, анда жалпысынан 98 топ медаль ойнотулду. Биздин өлкөдөн олимпиадага бир гана спортчу — лыжачы Дмитрий Трелевский барган. Кыргызстандык тоо-лыжа спорту боюнча "слалом", "слалом-гигант" жана "супергигант" деп аталган таймаштын үч түрүндө катышмак, бирок машыгуу учурунда алган олуттуу жаракаттан ал Сочидеги оюндарга катыша албай калды. Трелевскийдин ордуна чыгууга чакырылган Евгений Тимофеев таймаштын эки түрүнө катышып, натыйжада Кыргызстан "слалом-гигант" боюнча 61-орунга, "слалом" боюнча 41-орунга чыкты.

Жарым финалга аз гана жетпей калдык

Мальдив аралдарында 19-30-майда 2014-жылдын АФК Кубогу болуп өттү. Турнир Азия футболу үчүн кадыр-барктуу болуп эсептелет. Кыргызстан үчүн болсо бул чемпионат ийгиликтүү болгон жок — курама топ упайлардын жетишсиздигинен топтон чыга алган жок. Кыргызстандык футболчулар "А" тобуна кирип жана анда жарым финалга чыгууга Мьянманын, Палестинанын жана турнир ээлери — Мальдив курама командалары менен таймашты.

АФК Кубогунун финалдык раундундагы биринчи оюнунун акыркы мүнөттөрүнө дарбазага топту өткөрүп жиберип, өлкөнүн курама командасы Палестинага уттуруп койду. Топтук этаптагы экинчи оюнунда биздин футболчулар талаа ээлеринен 2:0 эсеби менен жеңилсе, ал эми үчүнчү оюнда Мьянманын оюнчуларына утулуп калышты. Топтук этапта жарым финалга "А" тобунан Палестина (7 упай) жана Мальдив командалары (4 упай) чыкты.

Экинчи орун

Өткөн жылдын 16-28-августунда Кытай Кытайдын Нанкин шаарында өспүрүмдөрдүн II жайкы Олимпиада оюндары өттү. Турнирге спорттун 28 түрү кирет, ал эми квалификациялык тандоо 2013-жылдын 1-апрелинен тартып 2014-жылдын 8-июнуна чейин жүргөн. Кыргызстан бул таймаштарда күмүш медалына ээ болду. Аны дзюдо боюнча экинчи орунга чыккан кыргызстандык Ростислав Дашков утуп алды. Жалпы командалык эсеп боюнча Кытайдын курама тобу 65 медаль менен биринчи орунду ээледи. Экинчи орунга 57 байгелүү сыйлыгы менен Россия, ал эми үчүнчү орунга 22 медаль алган АКШ чыкты. КР жалпы командалык эсепте 81 мамлекеттин ичинен 71-орунду ээледи.

Көчмөндөр оюндарындагы ийгилик 

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну алгачкы жолу Кыргызстанда өттү - Sputnik Кыргызстан
Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну алгачкы жолу Кыргызстанда өттү
Өткөн жылдын башкы спорттук ачылышы деп Көчмөндөрдүн I Дүйнөлүк оюндарын атоого болот. 9-14-сентябрда Ысык-Көлдө өткөн бул таймаштардын сүрөттөрү бардык дүйнөлүк басылма беттеринен орун алды. Оюндарга 18 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, бардык меймандар көчмөн кыргыздардын салттык турмуш-тиричилиги менен Кырчын жайлоосунда уюштурулган улуттук шаарчада таанышты. Ал эми Кыргызстан таймаштарда бардыгы болуп 55 медалга — 16 алтын, 20 күмүш жана 19 коло медалына ээ болуп, алган байгелери боюнча баарынан алдыга озуп чыкты. Бирок көчмөндөрдүн Дүйнөлүк оюндарын өткөрүүдө көңүлдү иренжиткен нерсе Чолпон-Ата шаарында жолду кеңейтүү үчүн Раппопорт аллеясындагы бактардын кыйылышына байланыштуу окуя болду. 

Ошондой эле иш-чаранын каржыланышы да коомчулукта көп суроолору жаратты. Оюндардын бюджети башында 3 миллион доллар деп жарыяланган. Бирок иш-чараны каржылоо 110-120 миллион сомдон ашпагыдай кылып каражатты үнөмдүү чыгымдоо чечими кабыл алынган. Негизги таймаштар өткөн Чолпон-Атадагы ипподромду жаңылатууга 52 миллион, иш-чарага катышуучуларды кабыл алууга 24 миллион жумшалган. Айта кете турган нерсе, ипподромду жаңылап өз убагында тапшырган подряддык фирмалар өз эмгек акыларын кийин дагы көпкө чейин ала албай жүрүштү.

Азия оюндарында 6 медаль жана 30-орун

2014-жылдын Азия оюндары Инчхон (Түштүк Корея) шаарында өтүп, ага биздин республикадан спорттун 19 түрү боюнча 115 спортчу катышты. 19-сентябрдан 14-октябрга чейин өткөн бул таймаштарда спорттун 48 түрү боюнча 439 комплект ойнолгон. Кыргызстандыктар анда алтын ута алышкан жок, бирок эки күмүш жана төрт коло байгесине жетишти. Натыйжада биздин курама топ 37 өлкөнүн ичинен медалдардын саны боюнча 23-орунга жана жалпы командалык эсеп боюнча 30-орунга ээ болду. 

Ал эми биринчи орунду Азия оюндарында 342 медаль менен Кытай ээледи, экинчи орунду Түштүк Кореянын курама тобу 234 медаль менен, ал эми үчүнчү орунду япониялыктар 200 медаль менен ээлешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0