Футбол боюнча КР курама командасы ФИФАнын рейтинги боюнча 152-орунга чыкты

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүАрхив: футбол
Архив: футбол - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы ФИФАнын декабрь айына чыгарган рейтингинде бир тепкичке көтөрүлүп, 152-орунду ээледи.

БИШКЕК, 19-дек — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Футбол боюнча эл аралык федерациянын декабрь айындагы рейтингинде бир тепкич жогорулаганын КР футбол федерациясы билдирди.

Ноябрдагы рейтингде Кыргызстан 153-орунду ээлесе, декабрда 152-орунду ээлеген жана 146 упайы бар.

Азиялык футбол конфедерациясынын рейтингинде Кыргызстан 46 мамлекеттин ичинен 27-орунду ээлейт. Бул айдын жыйынтыгы менен Иран өткөн айдын лидери Япониянын алдына чыккан. Үчүнчү орунду Түштүк Кореянын командасы ээлеген.

Кийинки рейтинг 2015-жылдын 8-январында жаңыланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0