Бишкекте спорттук жарга чыгуу боюнча БАнын чемпионаты өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхив: Бишкекте спорттук жарга чыгуу боюнча БАнын чемпионаты өттү
Архив: Бишкекте спорттук жарга чыгуу боюнча БАнын чемпионаты өттү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрт өлкөнүн спортчулары спорттук жарга чыгуу боюнча Дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде болуп өткөн Борбордук Азиянын чемпионатына катышышты.

БИШКЕК, 8-дек — Sputnik. 5-7-декабрь күндөрү Дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде спорттук жарга чыгуу боюнча Борбордук Азиянын чемпионаты болуп өттү жана ага биринчи жолу төрт өлкөнүн — Өзбекстандын, Казакстандын, Россиянын жана Кыргызстандын жарга чыгуучулары чогулду. 

Аталган мамлекеттердин жүздөн ашуун спортчулары Борбордук Азиянын мыкты альпинисти наамы үчүн күрөшүштү.

КРнын альпинизм, жарга чыгуу жана мөңгүгө чыгуу федерациясынын президенти Леван Алибегашвили жума күнү, 5-декабрда, чемпионаттын ачылышында аталган мелдештерди өткөрүү Кыргызстанда альпинизмдин өнүгүүсүнө чоң салым кошоорун белгиледи.

"Жарга чыгуусуз альпинизм болбойт. Бардыгыңыздарга эң бийик тоо чокуларын багынтууну каалайм. Андай бийик аска-тоолорго биздин өлкө бай", — деди федерация башчысы.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын чемпионаты да болуп өттү. КРнын курама тобунун машыктыруучусу Роман Ковалев таймаш үч жаш-курактык категория боюнча өткөрүлгөндүгүн айтты. 

"Бул жолу биздин спортчулардын арасында борбор шаарыбыздан гана эмес, башка облустардан катышуучулар да бар экендиги кубандырат. Баса, жакында эле жаңы аскага чыгуучу жай курдук, эми биз татыктуу спортчуларды ошол жакта машыктыра алабыз", — деп белгиледи Ковалев.

Аталган спорттук иш-чаранын алкагында жарга чыгуунун дүйнөлүк жылдызы, Россиянын эмгек сиңирген спорт чебери Станислав Кокорин мастер-классын өткөрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0