Айматовдун элесине арналган тогуз коргоол боюнча турнир Бишкекте өтөт

© Фото / пресс-служба ГАФКиСАрхив: тогуз коргоол
Архив: тогуз коргоол - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган тогуз коргоол боюнча бешинчи турнир Бишкекте өтөт.

БИШКЕК, 4-дек — Sputnik. Бишкекте жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган тогуз коргоол боюнча бешинчи турнир өтөт, деп билдирет Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы. 

Мелдеш жекеме-жеке чыгуу форматында өткөрүлүп, катышуучулар аялдар жана эркектер арасында бирден комплект медалдарды ойнотушмакчы. 

"Бул турнирди өткөрүүнүн башкы максаты — тогуз коргоол улуттук оюнун эл аралык деңгээлге көтөрүү жана аны республиканын аймактарында жайылтуу", — деди мамагенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев.

Спартакиада күндөлүгү: тогуз коргоол
Мелдештер 6-декабрдан 12-декабрга чейин КР Улуттук китепканасынын имаратында өткөрүлөт. Биринчиден тогузунчуга чейинки орундарды ээлеген катышуучулар Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча республикалык борбордун медалдары, дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланышмакчы. 

Тогуз коргоол — тактайчада ойноло турган элдик логикалык оюн. Бул оюнда эки оюнчу болот — тактайчада ар биринин ойноло турган тогуз жана бирден топтой турган уячалары болот. Оюнчулар кезек менен жүрүштөрдү жасашат, оюн оюнчулардын бири өз топтоочу уячасына 81ден ашык ташты чогултканга чейин улантылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0