Окуу акысы көтөрүлбөсүн. Жапаров студенттер үчүн маанилүү жарлыкка кол койду

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүСтуденттер жана мугалим университетте сабак учурунда. Архив
Студенттер жана мугалим университетте сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2021
Жазылуу
Окуу акысын бөлүп төлөөгө шарт түзүү талабы коюлду. Ошондой эле университет, колледждерде чогулган каражаттын максаттуу пайдаланышын текшерүү күчөтүлөт.
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров студенттердин жана социалдык жактан коргоого муктаж балдардын жогорку билим алуусуна каржылык жеңилдиктерди берүү тууралуу жарлыкка кол койду.
Документ “Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө системасын жакшыртуу жана билим берүү уюмдарынын финансылык ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча кээ бир чаралар жөнүндө” деп аталат. 
Кол коюп жаткан аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2021
Ректорлорду дагы президент дайындайт. Жаңы мыйзам долбоору сунушталды
Аталган жарлык жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерине, жетим балдарга жана ата-энесинин багуусунан ажыраган, майып балдарга, I жана II топтогу майып жарандарга колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан. Ошондой эле билим берүү уюмдарынын финансылык ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу каралган. 
Билим берүү чөйрөсү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу тармактарынын бири болуп эсептелери белгиленген.
Президент төмөнкү иштерди аткарууну тапшырды:
  • 2021-2022-окуу жылына жогорку жана орто кесиптик мамлекеттик билим берүү уюмдарында окуу акысынын тарифтери кийинки үч окуу жылында Кыргызстандын жарандары болуп эсептелген студенттер үчүн көбөйтүлбөөгө тийиш;
  • Жетим, ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарга, бала кезинен майып адамдарга, майып балдарга, I жана II топтогу майып жарандарга жогорку кесиптик окуу жайлары үчүн мамлекеттик билим берүү гранттарынын 5 пайызы жыл сайын берилип турууга тийиш.
Министрлер кабинети эки айлык мөөнөттө төмөнкү зарыл чараларды көрсүн:
  • Менчигинин түрүнө карабастан жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерине (КР жарандары) окуу акысынын наркын 10 айдын ичинде (студенттин каалоосу боюнча) бөлүп төлөө мүмкүндүгүн берүү;
  • Мамлекеттик жогорку жана орто кесиптик окуу жайлары чыгашалар жана кирешелер, анын ичинде социалдык эсеп боюнча чыгашалар сметасын аткаруусун көзөмөлдөө;
  • Мамлекеттик жогорку жана орто кесиптик окуу жайларын мамлекеттин үлүшү бар банктарда тейлөөгө өткөрүү;
  • Эсептөө палатасы жогорку жана орто кесиптик мамлекеттик билим берүү уюмдарын бюджеттик жана атайын каражаттарды максаттуу пайдалануусуна аудиттин натыйжалуулугун көтөрсүн. Жыл сайын 1-апрелге чейин аудит жөнүндө отчётторду президенттин администрациясына берип турсун;
  • Башкы прокуратура билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын аткарылышына, окуу акыдан түшкөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышына системалуу түрдө көзөмөл жүргүзсүн. Жыл сайын 1-апрелге чейин тиешелүү маалыматты президенттик администрацияга берип турсун.
Жаңылыктар түрмөгү
0