Кыргызстандын бир нече шаарында өрт өчүрүү кызматтарына жаңы имарат курулат

© Sputnik / Табылды КадырбековӨрт өчүрүү кызматы. Архив
Өрт өчүрүү кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2021
Жазылуу
Долбоор Эл аралык кызматташтык боюнча Корей агенттигинин (KOICA) жана БУУнун өнүгүү программасы менен биргеликте ишке ашканы турат.
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бишкек, Ош, Чолпон-Ата шаарларында жана Сузак районунда өрт өчүрүү кызматтарына жаңы имараттар курулат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Курулуш учурунда жумушчу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2021
Мамлекетке керектүү объектилерди кургандарга жеңилдик берилет. Жаңы демилге
Эртең алгачкы капсула Бишкек шаарында салынмакчы. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов, ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен,Түштүк Кореянын элчиси Ли Вон Жэ жана KOICA мекемесинин директору Ли Жонг Су катышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0