Мамлекетке керектүү объектилерди кургандарга жеңилдик берилет. Жаңы демилге

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүКурулуш учурунда жумушчу. Архив
Курулуш учурунда жумушчу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2021
Жазылуу
Бир катар курулуштар үчүн айыл чарба, токой өндүрүшү жоготууларынан жана алынбай калган пайдадан бошотуу демилгеленүүдө.
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Мамлекеттке керектүү объектилерди курган инвесторлорго жер телкесин берүү жаатында жеңилдик берүү каралууда. Аталган мыйзам долбоорун Айыл чарба министрлиги сунуштады.
Бүгүн парламентте министрдин орун басары Нурлан Шерипов баяндама жасады.
Анын айтымында, төмөнкү курулуштар үчүн жер тилкесин трансформациялоодо айыл чарба, токой өндүрүшү жоготууларынан жана алынбай калган пайдадан бошотуу демилгеленүүдө:
  • республикалык бюджеттин эсебинен жана эл аралык келишимдер боюнча жүргүзүлгөн инженердик, транспорттук инфратүзүмдүк объектилери жана көрүстөндөр;
  • ата мекендик инвесторлор тарабынан ишке ашырылуучу суу сактагычтар, платиналары бар ири электр энергиясын өндүрүүчү объектилер;
  • эл аралык келишимдерге ылайык мамлекеттик муктаждыктарды куруу.
 Бишкек шаарынын чекесиндеги ЖЭБ-2. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
ТЭЦ-2 аймагында жашагандардын 47,7 гектар жери мыйзамдаштырылды. Чоо-жайы
Мыйзам долбоорунун маалымтык негиздемесинде бир учур мисал келтирилген. Учурда Аламүдүн районунун Ленин айылында мектеп, ФАП жана суу кампа куруу үчүн 0,97 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкесин трансформациялоо сунушу түшкөн. Долбоордун суммасы 160 миң доллар. Аны Дүйнөлүк жаштар ассамблеясы гранттык негизде куруп берет. Ошол эле учурда министрлер кабинети айыл чарба, токой өндүрүшү жоготууларынан жана алынбай калган пайданы төлөтүүнү талап кылган.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда жогорудагыдай талаптар жоюлмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0