Садыр Жапаров коррупция менен күрөш эмнеге натыйжа бербей жатканын түшүндүрдү

Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2021
Жазылуу
Жапаров ушул тапта өлкөдө мамлекеттик кызматкерлердин декларация тапшыруу тартибин, алардын мүлкү тууралуу маалыматтарды текшерүүнү жакшыртуу иштери жүрүп жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы Кыргызстан эл аралык антикоррупциялык уюмдардын иш-чараларына активдүү катышып жатканын айтып, келечекте өлкөнү Европа кеңешинин Жемкордукка каршы күрөшкөн өлкөлөр тобуна киргизүү мүмкүнчүлүгү иликтенип жатканын белгилеген.
"Ушул тапта республикабызда мамлекеттик кызматкерлердин декларация тапшыруу тартибин, алардын мүлкү тууралуу маалыматтарды текшерүүнү жакшыртуу иштери жүрүп, коррупцияга катышы барларды кызматтарга жолотпоо негизги багыт катары каралууда. Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин алдына коюлган тапшырманын негизинде азыр жаңы программалык документ иштелип жатат. Анда жүзөгө ашырыла турган тапшырмалар жана максаттар так белгилениши зарыл", — деп жазылат кайрылууда.
Президент мыйзамда мамлекеттик органдардын, кызмат адамдарынын жоопкерчилиги так белгиленбегендиктен, жемкорлорго каршы жүргүзгөн күрөш натыйжа бербей жатканына токтолгон.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2021
Садыр Жапаров жана анын үй-бүлөсү кандай мал-мүлккө ээлик кылары жарыяланды
"Башкы прокуратура "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын алды. Ал декларативдүү гана мүнөздө болбой, учурдун жана дүйнөдөгү заманбап талаптарга жооп бериши керек. Кийинки жылдын башында ушул жана башка долбоорлорду ишке ашыралы деген ниеттебиз. Биз өлкөдөгү коррупцияны жоюу саясатына маани берип, сөзсүз ишибиздин өтөсүнө чыгабыз. Өлкөнүн өнүгүүсүнө залакасын тийгизип жаткан коррупциялык көрүнүштөрдү ооздуктоого саясий эрк жетиштүү!" — деген Жапаров.
Ал коррупция менен күрөшүү иш-аракети элдин жашоо-турмушунун сапатын көтөрүп, мамлекеттик аппараттын ишин жакшыртууга, бюджеттик каражатты сарамжалдуу сарптоого багытталарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0