Кар жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги Чынгыз Айтматов атындагы парк. Архив
Бишкектеги Чынгыз Айтматов атындагы парк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2021
Жазылуу
Ишемби, жекшемби күндөрү айрым аймактарда күн жылуу болсо, кээ бир жерде -4…-6 градуска чейин суук болору айтылды.
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Ага ылайык, ишемби, жекшемби күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 11 градуска чейин жылышы ыктымал. Бишкекте дагы күн жылуу болору айтылды.

Чүй, Талас облустары

11-декабрь күндүз жана 12-декабрь түнкүсүн эки аймакта тең жаан-чачын күтүлбөйт. 12-декабрь күндүз тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жаан жаабай турганы божомолдонду. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы ишембиде 11 градус, жекшембиде 5 градус жылуу болот.
Өзгөн күрүчүн кантип басуу керек. Таңдайдан даамы кетпеген аштын видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2021
Өзгөн күрүчүн кантип басуу керек. Таңдайдан даамы кетпеген аштын видеосу
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Өлкөнүн түштүк аймактарында дем алышта жаан, кар жаабай турганы айтылды. Абанын температурасы 13 градуска чейин жылышы ыктымал.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Нарын менен Көлдө дагы апта аягында жаан, кар жаабай турганы божомолдонду. Анткен менен абанын температурасы Нарында -4…-6 градуска чейин суук болору күтүлүп жатат. Ал эми Ысык-Көлдө -2...+3 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0