Министр Алымкадыр Бейшеналиев чукул жыйын өткөрдү

© Sputnik / Жоомарт УраимовСаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2021
Жазылуу
Жыйында вакцинация боюнча сертификаттарды сатууга байланышкан журналисттик иликтөө талкууланган. Министр мындай учурлар элдин вакцинага болгон ишенимин кетире турганын айткан.
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы эмдөө боюнча кампаниянын жүрүшүнө жоопкерчиликтүү адистер менен чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Жыйында 6-декабрда жарыяланган вакцинация боюнча сертификаттарды сатууга байланышкан журналисттик иликтөө талкууланган. Министр комиссия түзүүнү жана кыска убакытта материалда айтылган фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырган. Күнөөлүүлөрдү иштен алууга чейин барып, материалдар укук коргоо органдарына берилери убадаланды.
Дарыгер COVID-19га каршы вакцина даярдап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
Пресс-борбор
ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү "омикрон" штаммы тууралуу эмне белгилүү экенин айтты
Ошондой эле Бейшеналиев эмдөө өнөктүгү үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жоопкерчилик аларын, иштин жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүү керектигин айткан. Ал журналисттердин иликтөөсүндө айтылган фактылар элдин эмдөө кампаниясына болгон ишенимин кетирип жатканын, күнөөлүүлөр жазаланышы керектигин белгилеген.
Ал президент жана министрлик элге вакцина жеткиликтүү болушу үчүн чоң иштерди жасап жатканын кошумчалаган.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0