Акылбек Жапаров үй-бүлөсү менен батирде жашап, 7 унаа айдайт. Декларация

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2021
Жазылуу
Өкмөт башчынын аянты 77,5 чарчы метрди түзгөн бир гана батири бар. Чыгымдары жана башка мүлкү тууралуу жазылган эмес.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр 815 357 миң сом киреше тапкан. Бул туурасында анын Салык кызматына тапшырган декларациясында көрсөтүлөт.
Өкмөт башчынын аянты 77,5 чарчы метрди түзгөн бир гана батири бар. Чыгымдары жана башка мүлкү тууралуу жазылган эмес.
Ал эми жакын туугандары өткөн жылы 96 миллион 745 миң 719 сом пайда тапкан. Алар беш контейнер жана жети автоунаага ээлик кылат.
Контейнерлери жана аянты:
  • Контейнер — 22,7 чарчы метр;
  • Контейнер — 1026,6;
  • Контейнер — 192;
  • Контейнер — 1021,7;
  • Контейнер — 67,6.
Автоунаалары:
  • Mercedes-Benz 210;
  • Mercedes-Benz 410;
  • Mercedes-Benz 409;
  • Mercedes-Benz 208;
  • Mercedes-Benz 811;
  • Mercedes-Benz 7100;
  • Mercedes-Benz 308.
Жаңылыктар түрмөгү
0