Япониядагы профессор Наргиза: эч шарт койбой эле кыргыз эли үчүн иштегим келет

© Фото / из личного архива Наргизы НасымбековойЯпониянын Ритсумейкан университетинде рыноктук экономиканын эволюциясы боюнча мугалим Наргиза Насымбекова
Япониянын Ритсумейкан университетинде рыноктук экономиканын эволюциясы боюнча мугалим Наргиза Насымбекова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2021
Жазылуу
Нарындын кызы, 37 жаштагы Наргиза Насымбекова Япониянын Ритсумейкан университетинде рыноктук экономиканын эволюциясы боюнча студенттерге сабак берет.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Наргиза Насымбекова менен байланышып, кызыккан бир катар суроолорго жооп алды. Маектин жүрүшүндө мекендешибиз өлкөдөгү ар бир окуяга кайдыгер эместигин жана илимий иши да так ушул Кыргызстандын экономикасына арналгандыгын билдик.
— Японияда профессор болуу оңой эмес. Ийгилигиңиздин сыры эмнеде?
— Авраам Линкольндун "эгер мага даракты кыюуга алты саат убакыт берсең, мен биринчи төрт саатты балтамды курчутууга жумшайм" деп айтканы бар. Максатыма жетүү үчүн мен өтө сабырдуумун. Адам ийгиликтүү болууну кааласа эмгекчил, сабырдуу жана алдыга койгон максаты болушу керек. Мына ушул сапаттар мага жардам берди.
1990-1995-жылдары башталгыч класста окуп жүргөндө Япония экономикалык өсүштүн эң бийик деңгээлине жеткен. Ошол кезде инновациялык технологиялар дал ушул өлкөдө жаралган. Кичинекей кезимден эле жаңылыктарды көрүп отуруп, акылдуу адамдар жашаган ушул өлкөнү көрүүнү көксөп калдым. Кийин мектепти аяктаганда Японияга барууга максат койдум.
© Фото / из личного архива Наргизы НасымбековойНаргиза Насымбекова: максатыма жетүү үчүн мен өтө сабырдуумун. Адам ийгиликтүү болууну кааласа эмгекчил, сабырдуу жана алдыга койгон максаты болушу керек. Мына ушул сапаттар мага жардам берди
Преподаватель в университете Ритсумейкан в Японии Наргиза Насымбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Наргиза Насымбекова: максатыма жетүү үчүн мен өтө сабырдуумун. Адам ийгиликтүү болууну кааласа эмгекчил, сабырдуу жана алдыга койгон максаты болушу керек. Мына ушул сапаттар мага жардам берди
— Так илимге кызыгууңузга үй-бүлөңүздүн тиешеси барбы? Эсептөө да талант эмеспи…
— Ооба, ата-энемдин түздөн-түз тиешеси бар. Атам кесиби боюнча инженер, апам чет тилдер факультетинде окугандыктан англис тилин жакшы билчү. Бирок өмүр бою башкы бухгалтер болуп иштеди. Атам университетте математика жана сопромат боюнча эң алдыңкы студенттердин бири болгон экен. Үйдө дайыма математика, физика жана англис тили боюнча китептер турчу. Ошондуктан биз үчүн так илим жана англис тили табигый чөйрө эле.
— Мектепти аяктаган соң Америкада окуптурсуз. Кошмо Штаттары сизге эмнени үйрөтүп, жашооңузга кандай таасир берди?
— Америкага окуганы 17 жашымда баргам. Мектепте дайыма математикадан олимпиадага катышчумун. Анан 11-классты бүткөндө ACCELS программасы боюнча стипендия жеңип алып, АКШга окууга кеткем. Ал жактан өз алдымча болууга жана тез чечим кабыл алууга үйрөндүм. Кыргызстанга мыкты тажрыйба топтоо менен билимимди да кеңейтип келдим.
Ишке орношуу жагынан да дайыма жолдуу болчумун. Негизинен тил билүү адамдын дүйнө таанымын кеңейтет, англисче жакшы сүйлөй алганым мен үчүн дагы башка мүмкүнчүлүктөргө эшик ачты. Бул дүйнөлүк ресурстардан билим, тажрыйба топтоого көмөкчү болот.
© Фото / из личного архива Наргизы НасымбековойНаргиза Насымбекова: негизинен тил билүү адамдын дүйнө таанымын кеңейтет, англисче жакшы сүйлөй алганым мен үчүн дагы башка мүмкүнчүлүктөргө эшик ачты. Бул дүйнөлүк ресурстардан билим, тажрыйба топтоого көмөкчү болот
Преподаватель в университете Ритсумейкан в Японии Наргиза Насымбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Наргиза Насымбекова: негизинен тил билүү адамдын дүйнө таанымын кеңейтет, англисче жакшы сүйлөй алганым мен үчүн дагы башка мүмкүнчүлүктөргө эшик ачты. Бул дүйнөлүк ресурстардан билим, тажрыйба топтоого көмөкчү болот
— Ал эми Япониядагы Ритсумейкан университетинин магистратурасына өтүүгө канча убакыт даярдандыңыз?
— Алгач мен Кыргызстан боюнча бир же эки студентти тандап алган Азия өнүктүрүү банкынын стипендиялык программасына кабыл алындым. ЖОЖдун кароосуна документтерди жиберген соң экономика боюнча үч этаптан турган экзамен алынды. Аягында комиссиянын интервьюсунан өттүк. Жыйынтыктоочу турду Азия өнүктүрүү банкынын тандоо комитети өткөрөт. Алар илимий изилдөө иштеринин темасын карашат. Ошентип Япониянын Ритсумейкан университетинин магистратурасын окуу үчүн толук стипендияга (анын ичинде контракттык төлөмдөр да бар) ээ болгом.
CodifyLab Academy IT академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Динара Руслан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
IT адиси Динара Руслан: премьердин кеңешчиси болуудан чочулап кетенчиктегем
Андан ары докторантурага тапшырууда ушул эле процесстерден өттүм, бирок каржылоо жагы Япониянын Билим берүү министрлиги (МЕХТ) тарабынан сунушталды. Докторантурада изилдөө ишим Кыргызстандын индустриалдык саясатына байланыштуу болчу. Диссертациям экономика илимине жаңы теорияларды киргизүү максатында жазылган. Акыркы үч жыл ушуну менен алектенип жүрдүм. Илимий эмгегимде Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн проблемалары жана жолдору толук баяндалды.
— Японияда профессорго кандай талаптар коюлат?
— Япон тилин жакшы билүү жана илим изилдөө иштерин активдүү жүргүзүү зарыл, бирок мен япон тилин жакшы билбейм. Чет тилин үйрөнүүгө каалоо же муктаждык керек. Мен жалаң англис тилинде окудум, азыр да ишим англисче. Ошол себептен үйрөнүүгө муктаждык болгон жок. Анын үстүнө убакыт да жетпейт. Японияда жашоо аягы жок марафон өңдүү, эч нерсеге жетишпейсиң. Кыргызстанда үй-бүлөң менен дасторкондо бир саат сүйлөшүп отуруп, кечинде жакшы фильм көрүүгө мүмкүн эле. Бул жактан качан кино көргөнүм жана жумушу жок бир аз эс алып отурган учурум эсимде жок.
© Фото / из личного архива Наргизы НасымбековойНаргиза Насымбекова: Японияда жашоо аягы жок марафон өңдүү, эч нерсеге жетишпейсиң. Кыргызстанда үй-бүлөң менен дасторкондо бир саат сүйлөшүп отуруп, кечинде жакшы фильм көрүүгө мүмкүн эле. Бул жактан качан кино көргөнүм жана жумушу жок бир аз эс алып отурган учурум эсимде жок
Преподаватель в университете Ритсумейкан в Японии Наргиза Насымбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Наргиза Насымбекова: Японияда жашоо аягы жок марафон өңдүү, эч нерсеге жетишпейсиң. Кыргызстанда үй-бүлөң менен дасторкондо бир саат сүйлөшүп отуруп, кечинде жакшы фильм көрүүгө мүмкүн эле. Бул жактан качан кино көргөнүм жана жумушу жок бир аз эс алып отурган учурум эсимде жок
— Японияда профессор болуу каржы жагынан ыңгайлуу элеби?
— Ооба, бул өлкөдө профессорлор абдан барктуу. Ага ылайык маянасы да жакшы. Бирок баары эле бул кесипти аркалай бербейт, анткени көп жыл окууга туура келет. Батыш өлкөлөрүндө адамдын шыгына, иш билгилигине карап жумушка алса, Японияда көп жыл окуп, эмгектенип, тажрыйба топтоп, анан жакшы кызматка барат. Жумуш берүүчү тарап кызматкердин балдарын, бир айлык чыгымын эсептеп, ошого жараша маяна чектеп берет.
— Япондордун маданиятына көнүү кыйын болгон жокпу?
— Ага чейин жыйырмадай өлкөдө болгом. Японияга келгенде да чынында өз тажрыйбама таянып Европа же АКШдагыдай эле го деп ойлогон элем. Бирок япондор абдан консервативдүү, өз маданиятын жана каада-салтын катуу кармаган эл экен.
Буларда жөндөн-жөн эле бирөөгө келип бир нерсе айтып, сүйлөшүү мүмкүн эмес. Ал эми Европада бул нормалдуу көрүнүш. Япондордо башка адамдын убактысын алып, тынчтыгын бузуу одоно жорук катары эсептелет. Башында буга көнө албай жүрдүм. Бирок бара-бара мага да адат болуп калды. Азыр кайсы бир адам катуу сүйлөп жатканын уксам, ыңгайсыз боло береримди байкайм. Анткени Японияда коомдук жайларда катуу сүйлөө жат көрүнүш.
Бул өлкөдө адам кандайдыр бир кыйынчылыктарга дуушар болсо, айталы, каржы же үй-бүлөлүк көйгөйгө кабылса башкалардан жардам сурап кайрыла албайт. Анткени жүгүн бирөөгө артууну каалабайт жана муну туура эмес деп түшүнүшөт. Бул жергиликтүүлөрдүн канына сиңип калган. Япондордун ар бир үчүнчүсү жалгыз жашайт.
© Фото / из личного архива Наргизы НасымбековойНаргиза Насымбекова: Япондордо башка адамдын убактысын алып, тынчтыгын бузуу одоно жорук катары эсептелет
Преподаватель в университете Ритсумейкан в Японии Наргиза Насымбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Наргиза Насымбекова: Япондордо башка адамдын убактысын алып, тынчтыгын бузуу одоно жорук катары эсептелет
— Батыш менен чыгыштын маданиятын көрүп, аралашып калыпсыз. Алардын ичинен сизге байкалган артыкчылыктар жана кемчиликтер кайсылар болду?
— Мен япондордун ар бир күнү, мүнөтүнө чейин алдын ала кылдат пландалып жазыларын билгенде абдан таң калдым. Алар иш-чара уюштурса ийне-жибине чейин даярдашат. Ар кимиси өзүнө берилген милдетти эч бир ката кетирбей тикесинен тик туруп аткарат. Менимче, бул бир гана япондордун колунан келет.
Ал эми америкалыктардын бир нерсе тандоодо, позициясын билдирүүдө баскан-турганы эркин. Бул адамдын жеке өнүгүшүнө абдан жакшы жардам берет.
— Экономиканын өспөгөндүгүнө коррупциянын түз таасири жок деген пикириңизди уктум. Кандайча?
— Ооба. Келиңиз, Вьетнам менен Кыргызстандын экономикалык деңгээлин жана бул өлкөлөрдөгү коррупциянын көрсөткүчүн салыштырып көрөлү. Вьетнамда коррупциянын деңгээли 40 баллга, Кыргызстанда бул индекс 30 баллга туура келет.
Психолог Зейнегүл Кудайбергенова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2021
Кул мүнөз адамдар кайдан чыгат? Франциядагы психолог Зейнегүл менен маек
Ошентсе да эки өлкөнүн ички дүң продуктусун (ИДП) салыштыра келгенде Вьетнамдыкы 2019-жылга карата 261 миллиард доллар болсо, Кыргызстандыкы болгону 8,8 миллиард долларды түзгөн. 1990-жылдан бери биздики үч эсеге гана жогоруласа, Вьетнамдыкы 40 эсеге өскөндүгү белгилүү.
Аларда 97 миллион калк жашаса, бизде болгону 6,5 миллион адам жашайт. 1990-жылы ИДП Вьетнамда киши башына жылына 95 долларды түзсө, Кыргызстанда жылына 609 доллар эле. Ошол жылдары вьетнамдыктар бизге караганда алда канча кедей жашачу. Бирок азыр ал өлкөдө ИДПнын өсүшү жан башына 2715 долларды (2019), ал эми Кыргызстанда болгону 1374 долларды түзүп жатат. Демек, акыркы 30 жылда Вьетнамда жашоо стандарты 30 эсеге, бизде болгону эки эсеге жакшырган. Керек болсо ушундай гүлдөгөн коррупциянын доорунда да Вьетнам экономикасы жылына 6-7 пайызга туруктуу өсүүдө. Ал эми Кыргызстанда экономикалык туруктуулук жок. Эгер экономиканын өсүшү жылына туруктуу түрдө төрт пайызды түзгөн күнү да Вьетнамдын учурдагы деңгээлине 15 жылдан кийин гана жете алабыз.
© Фото / из личного архива Наргизы НасымбековойНаргиза Насымбекова: мен япондордун ар бир күнү, мүнөтүнө чейин алдын ала кылдат пландалып жазыларын билгенде абдан таң калдым. Алар иш-чара уюштурса ийне-жибине чейин даярдашат. Ар кимиси өзүнө берилген милдетти эч бир ката кетирбей тикесинен тик туруп аткарат
Преподаватель в университете Ритсумейкан в Японии Наргиза Насымбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Наргиза Насымбекова: мен япондордун ар бир күнү, мүнөтүнө чейин алдын ала кылдат пландалып жазыларын билгенде абдан таң калдым. Алар иш-чара уюштурса ийне-жибине чейин даярдашат. Ар кимиси өзүнө берилген милдетти эч бир ката кетирбей тикесинен тик туруп аткарат
— Бизде кайсы тармакта конкреттүү реформалар керек деп ойлойсуз?
— Кыргызстанда реформалар ар бир сектордо керек, бирок эң маанилүүсү билим берүү тармагы. Биздин бүтүрүүчүлөрдүн 40 пайызы гана жогорку окуу жайларында окуса, 60 пайызы шарты жок окубай калган. Индустриалдык секторго (өнөр жай) эң алдыңкы маселе катары көңүл бурушубуз керек, анын ичинде IT тармагы да бар. Азыр көп турмуштук факторлор жасалма интеллектиге өтүп, дүйнөдө маалымат технологиясы чөйрөсүндөгү инженерлерге суроо-талап жогорулоодо.
Кыргызстанда күн сайын 100дөн ашык IT адистери үчүн вакансиялар жарыяланып, чет элдик компаниялар аларды аралыктан иштөөгө тартууда. Бул кыргыз өкмөтү көңүл бурушу керек болгон эң маанилүү сектор. Биздин инновациялык технология боюнча билим берүү программаларыбыз абдан эскирген.
Ал эми энергетикалык кризис өлкөнүн эгемендигине да терс таасирин тийгизет. Электр тармагындагы техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүүлүгүнөн Кыргызстан өзүн 40 пайыз гана камсыздай алат. Калган 60 пайызын Казакстандан алабыз. Башкача айтканда, Кыргызстандын стратегиялык сектору Казакстандан көз каранды болуп жатат. Эми барган сайын электр энергиясын пайдаланууга муктаждык өсөт. Башка өлкөлөргө стратегиялык сектор жагынан эч качан көз каранды болбоого тырышуу керек. Болбосо аларга саясий жана экономикалык чечимдерди өз пайдасына чечүү үчүн мүмкүнчүлүк түзүп беребиз.
Ошондой эле энергосектордогу кризиске да коррупциянын тиешеси жок. Мисалы, бир кВт/с электр энергиясын иштеп чыгуунун наркы 1,77 тыйын түзгөн, бирок бийлик элди 0,77 тыйындан камсыз кылып келген. Ал эми Казакстандан 2,77 сомдон алабыз. Энергосектор коррупциядан эмес, ортодогу чыгашадан жабыр тартууда.
Кыргызстандын электр кубаттуулугун экспорттоо менен гана экономикасын көтөрүү мүмкүнчүлүгү бар. Аябагандай көп суу потенциалына эгедербиз. Ушуну менен эле жылына 140 миллиард кВт\сааттан 160 миллиардга иштеп чыгууга кудуретибиз жетет. Учурда биз 13 миллиард кВт\саатка жакын гана чыгаруудабыз.
© Фото / из личного архива Наргизы НасымбековойНаргиза Насымбекова: Кыргызстанда демократия болгону менен мыйзам чегинде иш алып баруу жок. Мыйзамдар карапайым калкка кандай иштесе, бийликтегилерге да ошондой иштеп, ал бизнести жана ата мекендик өндүрүштү, чет элдик инвесторлорду коргой баштаганда гана өнүгүү болот
Преподаватель в университете Ритсумейкан в Японии Наргиза Насымбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Наргиза Насымбекова: Кыргызстанда демократия болгону менен мыйзам чегинде иш алып баруу жок. Мыйзамдар карапайым калкка кандай иштесе, бийликтегилерге да ошондой иштеп, ал бизнести жана ата мекендик өндүрүштү, чет элдик инвесторлорду коргой баштаганда гана өнүгүү болот
— Кыргызстандын качандыр бир кезде өнүгүшүнө ишенесизби?
— Өлкөнүн өнүгүшүнө күчтүү башкаруу, так иштеген мыйзамдар жана демократия керек. Россияда күчтүү башкаруу бар. Ал эми Кытайда күчтүү башкаруу, мыйзам чегинде иш алып баруу болгону менен демократия жок. Сингапурда Ли Куан Ю башында турган күчтүү башкаруу, мыйзам чегинде иш алып баруу жана демократия да бар.
Кыргызстанда демократия болгону менен мыйзам чегинде иш алып баруу жок. Мыйзамдар карапайым калкка кандай иштесе, бийликтегилерге да ошондой иштеп, ал бизнести жана ата мекендик өндүрүштү, чет элдик инвесторлорду коргой баштаганда гана өнүгүү болот. Ошондой эле бизде кадр саясаты да башаламан.
Chevening стипендиялык программасынын ээси, илимдин доктору жана антрополог Аксана Исмаилбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2021
Германияда илимдин доктору болгон Аксана: патриархалдык коомду аялдар кармап турат
Мисалы, Түштүк Кореяны 1961-1979-жылдары башкарган Парк Чанг Хинин тажрыйбасына көңүл бурсак, ал жаңы реформаларды киргизүү менен дүйнөнүн ар кайсы бурчунда ийгиликтүү иштеп жаткан билимдүү жана таланттуу корейлерди чогултуп, алган маянасынан эки эсе көп төлөп, Сеулдун борборунан батир, унаа берип, өлкөнүн экономикасын реформалоо ишине аралаштырган. Учурда ушул секторлор гана Кореянын экономикасынын 70 пайызын кармап турат. Алар өлкөнү өнүктүрүүнүн методикасын гана иштеп чыкпастан мамлекеттик органдарга да чоң өзгөрүүлөрдү алып келишти. Менимче, биздин чет жерде иштеп жүргөн кыргыздардын арасында деле мекендин өнүгүшүнө жетишерлик салым кошо ала турган акылдуу, билимдүү кадрлар бар.
— Мекенге кайтып келесизби?
— Элибиз үчүн эч кандай шарты жок деле иштеп берүүгө даярмын. Азыр үй-бүлөм менен Кыргызстанга кетүүнү пландаштырып жатабыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0