Аталап ыйлаган кыздарыма эмне дейм?.. Күйөөсү таштап кеткен келиндин каты

© Фото / PixabayОбращение к психологу
Обращение к психологу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
“Психолог менен баарлашуу” рубрикасына кыздары атасын сагынып, ыйлап жаткандыгын айтып даттанган келиндин каты жарыяланат.
Аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Балам балалуу келиндин үстүнө кирип жашайм деп кууратты. Эненин каты
Кийин туугандардыкына калтырып жумушка кетсем, алардын балдары “атаңар башка аял алган, силерди жакшы көрбөйт” деп айтыптыр. Аны уккан балдарым мен келгенде ыйлашты. Азыр да атасын сурашат, ыйлашат. Кээде мени кучактап алып “апа, атабыз бизди жаман көрөбү?” деп сурашат. Эмне кылышты билбей калдым. Кыздарга кандай сөздөрдү айтсам туура болот. “Ооба, атаңар кетти, күтпөгүлө” деп биротоло түңүлтсөмбү же “жок, бизди жакшы көрөт” деп алдап турамбы?
Психолог Айнек Муратбекова:
— Ажырашканыңыздарга эки ай болуптур, азыр кескин жыйынтык чыгаруу эрте. Андыктан бир күн болбосо, бир күнү аталык инстинкт баары бир кыздарын көрүү үчүн алып келет. Ошондо абал өзгөрөт. Үй-бүлөгө биротоло кайтып келерин айта албайм. Болгону кыздарын көрүү үчүн келиши мүмкүн. Андыктан азыркыдай шартта психологиялык "ушул жерде жана азыр" ыкмасын колдонобуз.
Жандуу болуңуз, кыздарыңыз менен эмоционалдык байланыш түзүңүз. Түшүнөм, сизге дагы оор, бирок балага андан дагы оор болуп жатат. Алар түшүнүксүз абалды баштан өткөрүүдө. Себеби бир аз убакыт мурда эле жандарында тоодой тирек болгон атасы бар эле, анан заматта эле анын орду бош болуп калды. Алар менен сүйлөшүүдөн качпаңыз, оюн, сезимдерин сураңыз.
Кучакташып турга жуп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Эңсеген аялды таптым, бирок балдарымды кантип кыям?.. Эркектин каты
Коомдо ата-эне бала менен сүйлөшкөндү үйрөнүшү керек. Психологиялык эң маанилүү сөздөр: “биз бири-бирибизди сүйүп, силерди (сени) жарык дүйнөгө алып келебиз деп чечкенбиз, сен биздин жашообузда бар болгонуңа абдан бактылуубуз!” деп айтыңыздар. Муну менен катар “биз өзүнчө жашайлы” деген чечимге келдик (атаң менен апаң), бул чечимди туура деп эсептейбиз. Биз мындан ары бири-бирибизге жубай жана жолдош боло албайбыз, бирок ар дайым сенин апаң жана атаң болобуз. Сени аябай жакшы көрөбүз, бул жерде сенин эч кандай күнөөң жок” деп айтышыңыздар керек.
Ошондо балага бир аз жеңил болот, өзүн күнөөлөгөн сезимден арылат.  Анткени ата-эненин ажырашуусу баланын психологиясына чоң жараат алып келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0