Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Уялам. Соцфонддун башчысы Кыргызстандагы пенсия тууралуу оюн айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековСоциалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев
Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2021
Жазылуу
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өткөн жылы пенсионердин жашоо минимуму 4 785,4 сомду түзгөн. Учурда Кыргызстанда 700 миң пенсионер жашайт.
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев республикадагы пенсиянын көлөмү боюнча оюн айтты.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде Алиевге "Кыргызстандагы пенсиянын аздыгына уяласызбы" деген суроо узатылды.
"Биздеги мындай пенсия үчүн уялам", — деп жооп берди Алиев.
Банк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2021
Пресс-борбор
Соцфонд өзүнүн банкын түзүүнү көздөп жатат. Максаты
Белгилей кетсек, Кыргызстанда минималдык пенсия 1 500 сом. Аны 40 миңдей кыргызстандык алат. Бийликтин маалыматы боюнча өлкөдөгү пенсиянын орточо көлөмү 6 248 сомду түзөт.
Кыргызстандагы эң көп пенсия 179 миң сом. Мындай акчаны бир эле киши алат.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өткөн жылы пенсионердин жашоо минимуму 4 785,4 сомду түзгөн. Учурда Кыргызстанда 700 миң пенсионер жашайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0