Текебаевге кол салууну үчүнчү күчтөр уюштурушу мүмкүнбү? ИИМдин жообу

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүү"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев
Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Жазылуу
Ички иштер министринин орун басары учурда ар кандай версиялар каралып, далилдер чогултулуп жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча ИИМдин маалыматын укту.
Жыйынга УКМКнын жетекчилиги да чакырылган, бирок аталган орган бул ишке тиешеси жоктугун белгилеп келүүдөн баш тарткан.
Эркин Жолдошалиев "саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салууну үчүнчү күчтөр уюштурушу мүмкүнбү, мындай версия жокпу?" деп сурады.
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев учурда ар кандай версия караштырылып жатканын билдирди.
"Версиялар көп, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтпай эле коёюн. Бүт версияларды карап, толук кандуу далилдерди алгандан кийин маалыматты жарыялайбыз. Азыр эч нерсе деп айта албайм", — деди Аширходжаев.
Белгилей кетсек, 1-декабрь күнү борбор калаадагы мейманканалардын биринин алдында Өмүрбек Текебаевге белгисиз балдар кол салган. Президент Садыр Жапаров ишти тез арада териштирүү боюнча ИИМге тапшырма берген. Милиция аталган факты боюнча Жазык кодексинин 201-беренесине ("Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо") ылайык кылмыш ишин козгоп, шектүү катары 23 жаштагы жаранды кармаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0