Кыргызстандыктар мамлекеттик ипотеканы ислам принциптерине ылайык ала баштайт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүБатир бөлмөсү. Архив
Батир бөлмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Жазылуу
Мамлекеттик ипотекалык компания Ислам финансылык борборунун агенти катары "Бакай банк" ААКты дайындайт. Бул банк ипотеканы бөлүп сатып алуу, сатуу бүтүмүнө таянып берет.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Мамлекеттик ипотекалык компания "Бакай банк" ААКы менен келишимге кол койду. Бул тууралуу МИКтин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, кол коюлган келишимге ылайык, жакын арада кыргызстандыктар мамлекеттик ипотеканы ислам принциптерине ылайык ала баштайт.
Документке "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасынын алкагында Мамлекеттик ипотека компаниясынын төрайымы Аида Төлөгөнова менен "Бакай банктын" төрагасынын биринчи орун басары Марат Юсупов кол коюшкан.
"МИК исламдык каржылоонун принциптери боюнча ипотеканы турак жай программасынын катышуучуларына Ислам финансылык борбору (ИФБ) аркылуу берүүнү пландаштырууда", — деп айтылат маалыматта.
Акча жана калькулятор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Мурда берилген ипотекалык насыянын пайызы азайтылат. Жол-жобосу
Келишим боюнча, Мамлекеттик ипотекалык компания Ислам финансылык борборунун агенти катары "Бакай банк" ААКты дайындайт. Бул банк ипотеканы бөлүп сатып алуу, сатуу бүтүмүнө таянып берет.
"Жакын арада кыргызстандыктар биринчи жолу шариатка жооп берген мамлекеттик ипотека алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат", — деп айтылат билдирмеде.
ИФБ — Кыргызстандагы жана КМШдагы биринчи ислам терезеси. Ал "Бакай банкта" түзүлүп, ислам принциптерине ылайык каржылык кызматтарды көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0