ТЭЦ-2 аймагында жашагандардын 47,7 гектар жери мыйзамдаштырылды. Чоо-жайы

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Бишкек шаарынын чекесиндеги ЖЭБ-2. Архив
 Бишкек шаарынын чекесиндеги ЖЭБ-2. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Жазылуу
Жапаров ЖЭБ-2 аймагында жашагандар менен эки жума мурда жолуккан. Финансы министрлиги республикалык бюджеттен көрсөтүлгөн жер участогуна шаар куруу документтерин иштеп чыгуу үчүн 5 миллион сом бөлө турганы айтылды.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Министрлер кабинети Бишкек шаарынын чекесиндеги ЖЭБ-2 аймагында жашаган тургундар үчүн 47,7 гектар жерди мыйзамдаштырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
"Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 аймагында жеке турак үйлөрдү курган жашоочулардын маселелерин чечүү максатында Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жерлерди трансформациялоо жөнүндө чечими кабыл алынды. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон", — деп айтылат маалыматта.
Бишкектеги ТЭЦ-2 отуз жылда кандай болуп өзгөрдү. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Бишкектеги ТЭЦ-2 отуз жылда кандай болуп өзгөрдү. Видео
Кабыл алынган чечимге ылайык, Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жана муниципалдык менчикте турган 47,7 гектар жер "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына трансформацияланган.
Маалымат кызматы Финансы министрлигине республикалык бюджеттен көрсөтүлгөн жер участогуна шаар куруу документтерин иштеп чыгуу үчүн 5 миллион сом бөлүү тапшырылганын да билдирди.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров эки жума мурда, тагыраагы, 15-ноябрда Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 аймагында жеке турак үйлөрдү курган тургундар менен жолугушуусунда министрлер кабинетине жакынкы мезгилде аталган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу тапшырмасын берген эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0