Текебаевге кол салуу: азырынча “Тоноо” беренеси менен кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековПапка кармап турган ИИМ кызматкери. Архив
Папка кармап турган ИИМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Жазылуу
Бүгүн борбор калаадагы мейманканалардын биринин алдында Өмүрбек Текебаевге белгисиз балдар кол салган.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Милиция “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салган жарандарды издеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлады.
Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
ИИМ: Текебаевге кол салгандарды аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат
“Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 201-беренесине (“Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо”) ылайык катталды. Ден соолукка келтирилген залалды аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды”, — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда аталган кылмышты жасаган адамдар изделүүдө.
Белгилей кетсек, бүгүн борбор калаадагы мейманканалардын биринин алдында Өмүрбек Текебаевге белгисиз балдар кол салган. Президент Садыр Жапаров Текебаевге кол салуу ишин тез арада териштирүү боюнча ИИМге тапшырма берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0