Президент добуш берген Бактыгүл Иманбек кызы: Жапаров менен канайымга тиешем жок

© Sputnik / Жоомарт УраимовОснователь учебного центра "Миракл Лайф" Бактыгуль Иманбек кызы
Основатель учебного центра Миракл Лайф Бактыгуль Иманбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Жазылуу
Бактыгүл Иманбек кызы президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоодо партиялык тизме аркылуу добуш берген талапкер.
Парламенттик шайлоо болгон күнү кечинде жергиликтүү ЖМКлар өлкө башчынын шайлоо участогунда бюллетенди кармап турган сүрөтүн жарыялаган. Анда президент №18 партияга ("Эл үмүтү") жана анын катарындагы №49 талапкерге (Бактыгүл Иманбек кызы) добуш бергенин көрүүгө болот.
Иманбек кызы француз тилинен котормочу, өзү негиздеген окуу борбору бар. Коомдогу, саясаттагы окуялар боюнча социалдык тармактарда оюн билдирип келет.
Бүгүн ал Sputnik Кыргызстан редакциясына баш багып, президенттин ага добуш бергендиги тууралуу жаңылыкты кандай кабыл алганын, ошондой эле өзү тууралуу маек куруп берди. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовБактыгүл Иманбек кызы: жөн гана социалдык тармактарда позициясын билдирип, макала жазып жүргөн кызды кантип шайлады, балким журналисттер жаңылып жаткандыр деп ойлодум. Аябай таң калдым
Основатель учебного центра Миракл Лайф Бактыгуль Иманбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Бактыгүл Иманбек кызы: жөн гана социалдык тармактарда позициясын билдирип, макала жазып жүргөн кызды кантип шайлады, балким журналисттер жаңылып жаткандыр деп ойлодум. Аябай таң калдым
— Бактыгүл, өлкөнүн биринчи адамы сиз үчүн добуш берди деген кабарды кандай кабыл алдыңыз?
— Президент эртең менен добуш берүүгө келгенин түз эфирден көрүп, "кимди шайлады болду экен, Талант Мамытовго эле добуш берсе керек" деп ойлоп койгом. Кечке маал досторум "Садыр Жапаров сага добуш бериптир" деп ЖМКлар чыгарган сүрөттөрдү жөнөтө баштады. Мен көргөн көзүмө ишенбей, ал сүрөттөрдү ары-бери жылдырып, чоңойтуп карап жаттым. Жөн гана социалдык тармактарда позициясын билдирип, макала жазып жүргөн кызды кантип шайлады, балким журналисттер жаңылып жаткандыр деп ойлодум. Аябай таң калдым.
— Президент Жапаров менен жеке тааныштыгыңыз жокпу?
— Жок, эч качан жакын жерден дагы көргөн эмесмин. Ойлонуп отуруп бир окуя эсиме түштү. Былтыр Садыр Жапаровдун демилгеси менен "Кыялымдагы келечек" деп аталган жаштар форуму өткөн. Ага активист жаштардын катарында мен дагы катышып, билим берүү жааты боюнча өлкө башчыга сунуштарды айткам. Балким, ошондо эстеп калганбы деп ойлодум. 
© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБактыгүл Иманбек кызы: Жапаров Кумтөрдү, экологияны сүйлөп жатса, оюбуз бир жерден чыгып калып, колдой баштадым
Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Бактыгүл Иманбек кызы: Жапаров Кумтөрдү, экологияны сүйлөп жатса, оюбуз бир жерден чыгып калып, колдой баштадым
— Кандай сунуш бердиңиз эле?
— Анда президент инвестиция тартуу боюнча сөз кылган. Мен инвесторлорду Кореянын ыкмасы менен кабыл алууну сунуштагам. Ал жакта инвестор келгенде аны бир нече жергиликтүү студентти окутуп, кийин жумушка алууга милдеттендирип коёт. Бизге дагы ошол ыкма керек. Мисалы, Кумтөрдү алалы, канадалыктар чыгып кеткенден кийин кенди жакшылап иштетчү өзүбүздө адис жок деп ушул күнгө чейин бушайман болуп жатабыз. Ал эми өзүбүздүкүлөр үйрөнүп алса, инвестор кеткен күндө дагы ишкана жабылып калбай, жакшынакай иштей берет эле. Бул сунушумду Садыр Жапаров абдан жактырган.
Жогорку Кеңештин шайлоосунда добуш берип жаткан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2021
Садыр Жапаров добушун эмнеге Равшан Жээнбековго бергенин түшүндүрдү
Мени кубандырганы президенттин жаштарды колдогону болду. Мисалы, биздин партияда бийликке жакпай турган, сын айткан жаштар бар. Атамбаевдин учурунда партиялашым Болот Ибрагимов эмнени гана көргөн жок? Эгер Жапаров эски жол менен кетем деген президент болсо, бул жаштарды эмне кылам, кийин сындашат деп коркмок. Ошентип мен президент жаштарды колдойт экен деп кубанып калган учурда кайрадан партиялаштарым үчүн коркуу сезими пайда болду. Анткени мен Жапаровдун саясатын башынан эле колдойм, социалдык тармактарда бул тууралуу оюмду ачык билдирип келем. Ошондон улам көпчүлүк бул президенттин жакыны болуш керек деп күмөн саначу. 
Алгач АСУнун эсеби боюнча биздин партия өткөн эмес, эми кол менен санаганда айрым участоктордо 5 пайыздык ченден өтүп кетүүдө. Биздин партия таза жол менен жеңип чыкса дагы, "мына, президент шайлаган партияны өткөрүп коюшту" деп айтышат болуш керек. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовБактыгүл Иманбек кызы: мени кубандырганы президенттин жаштарды колдогону болду. Мисалы, биздин партияда бийликке жакпай турган, сын айткан жаштар бар. Атамбаевдин учурунда партиялашым Болот Ибрагимов эмнени гана көргөн жок? Эгер Жапаров эски жол менен кетем деген президент болсо, бул жаштарды эмне кылам, кийин сындашат деп коркмок
Основатель учебного центра Миракл Лайф Бактыгуль Иманбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Бактыгүл Иманбек кызы: мени кубандырганы президенттин жаштарды колдогону болду. Мисалы, биздин партияда бийликке жакпай турган, сын айткан жаштар бар. Атамбаевдин учурунда партиялашым Болот Ибрагимов эмнени гана көргөн жок? Эгер Жапаров эски жол менен кетем деген президент болсо, бул жаштарды эмне кылам, кийин сындашат деп коркмок
— Жапаровду качантан бери колдоп жүрөсүз?
— Атам убагында раматылык Болот Шер-Нияз менен иштешип жүргөн саясаттан алыс эмес киши. Ал Жапаровдун саясаттагы үзөңгүлөштөрү, алардын соттошуп жүргөнүн айтып берип калчу. Былтыр абактан чыккандан кийин мага чалып "мен айтып жаткан жигит чыгыптыр, кээде сайттарда жазып каласың го, Жапаров тууралуу дагы 1-2 ооз жазып койчу" деп калды. Ошентип кызыгуу пайда болду.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
Атамды тынч койгула! Жапаров ага акаарат келтирген жарандарга жооп берди
Негизи өзүмдө башынын эле бир ызам бар болчу. Раматылык эколог Эмил Шүкүров менен жакшы болчумун. Аны менен бирге мөңгүлөрдүн берилип кетишине каршы чыгып, нааразычылык акцияларын уюштуруп жүргөм. Эмил агай "мөңгүнү берип, жок кылып алсак, бир жылдан кийин эле азабын тартабыз, кургакчылык болот" деп аябай күйүп-бышчу. Бирок болбой эле мөңгүлөрдү берип салышты. Ошондо анын бийликтен үмүтү үзүлүп, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттык мандатын өткөрүп берип салган. Мага "Бактыгүл, булар өздөрү мени кыйын эколог дегени менен тилимди албай коюшту, эч кимге таанылбаган сени укмак беле? Бул идеяны унутуп, тынч жаша" деп айткан. Ошондон бери жүрөгүмдө бук бар эле.
Кийин Жапаров Кумтөрдү, экологияны сүйлөп жатса, оюбуз бир жерден чыгып калып, колдой баштадым.
— Социалдык тармактардын колдонуучулары сизди биринчи айым Айгүл Жапаровага жакындыгы бар деп божомолдоп жатышат...
— Аны мен дагы уктум, бирок андай эмес. Билишимче, Жапаровдун жубайы да көлдүк, мен Сокулуктанмын. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовБактыгүл Иманбек кызы: Аппаратта үч ай иштедим, бирок президент менен бир да жолу бетме-бет көрүшкөн учур болгон жок. Негизи эле президентти иш-чараларда гана алыстан көрбөсөм, өмүрү маңдай-тескей отуруп сүйлөшкөн эмесмин
Основатель учебного центра Миракл Лайф Бактыгуль Иманбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Бактыгүл Иманбек кызы: Аппаратта үч ай иштедим, бирок президент менен бир да жолу бетме-бет көрүшкөн учур болгон жок. Негизи эле президентти иш-чараларда гана алыстан көрбөсөм, өмүрү маңдай-тескей отуруп сүйлөшкөн эмесмин
— Өмүр баяныңызда талапкер болгонго чейин президенттик аппаратта иштегениңиз жазылган. Бул кызматка кандайча барып калгансыз?
— Буга чейин мамлекеттик катчы болгон Чолпонбек Абыкеев менен тааныш элем. Мен кыргыздар идеологияны ар кайсы жактан издебей, өзүбүздөн алышыбыз керек деген ойлорду көп жазчумун. Агай ошондой көз карашымдан улам мени иштешүүгө чакырган. Ал жумушка киришимди дагы президентке байланыштырып жатышат. Аппаратта үч ай иштедим, бирок президент менен бир да жолу бетме-бет көрүшкөн учур болгон жок. Негизи эле президентти иш-чараларда гана алыстан көрбөсөм, өмүрү маңдай-тескей отуруп сүйлөшкөн эмесмин.
— Депутаттыкка талапкерлигиңизди кандайча коюп калдыңыз?
— Менде акыркы күндөргө чейин шайлоого катышам деген ой жок болчу. Азыркы партиялаштарым бизге кошул деп сунуштаганда деле өкмөттө иштеп жатам деп макул болгон эмесмин. Кийин Чолпонбек Абыкеев президенттин кеңешчиси болуп которулуп, анын ордуна башка жетекчи келди. Ошол учурда Чолпонбек агайга кеңешсем, "калып иштейсиңби же кетесиңби өзүң бил, балким, депутаттыкка ат салышып көрөрсүң" деп калды. Анткени буга чейин түзгөн пландарыбыздын бардыгы каржылоо жок болуп ишке ашпай жаткан. Агай "бюджет маселесин көбүнесе депутаттар чечет, балким, сен үн кошуп, биздин пландар ишке ашып калар" деди. Анын үстүнө депутат болуп, трибунадан айтсаң, оюң элге бат жетет экен. Ошондой гана ой-тилек менен мен шайлоого барууну чечтим. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовБактыгүл Иманбек кызы: атам адилетсиздик болгон жерде мен тилимди тартып тура албасымды жакшы билет. Парламентте кыйкырып жатып, душман топтоп алабы деп коркот окшойт
Основатель учебного центра Миракл Лайф Бактыгуль Иманбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Бактыгүл Иманбек кызы: атам адилетсиздик болгон жерде мен тилимди тартып тура албасымды жакшы билет. Парламентте кыйкырып жатып, душман топтоп алабы деп коркот окшойт
— Атаңыз президенттин сизге добуш бериши боюнча кандай пикирде болуп жатат?
Студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Кыргызстандык студенттер Эл аралык жаштар парламентинин угуучусу болду
— Атам менен саясат тууралуу сүйлөшпөйбүз. Үйдөгүлөр менин саясатка аралашканыма каршы. Эльвира Сурабалдиеванын атасы, маркум Жыргалбек Сатыбалдиевди атам убагында катуу колдоп, үгүт иштеринде жардам берип келген. Анткени биз айылдашпыз. Бирок Сурабалдиев киши колдуу болгондон кийин атам аябай чочулап, саясаттан көңүлү калып калган сыяктуу. Ошол себептүү мен депутаттыкка барарымды тынчсыздануу менен кабыл алды. Президенттин мага добуш бергенин айткан жокмун. Ал дагы эч нерсе сураган жок, мунусу менен ал каршылыгын билдирип жатат. Атам адилетсиздик болгон жерде мен тилимди тартып тура албасымды жакшы билет. Парламентте кыйкырып жатып, душман топтоп алабы деп коркот окшойт.
— Мындан ары эмне иш кылайын деп жатасыз, үй-бүлөңүз барбы?
— Турмуш кура элекмин. Азыр өзүмдүн ишим бар, окутуу жана туризм менен алектенген ишкананы негиздегем. Өзүңөр билгендей, кесибим француз тилинен котормочу. Бишкекте котормочунун окуусун окуп, кийин Бельгиянын Гент шаарындагы Гент университетинде тилди тереңдетип үйрөнүү боюнча эки жылдык курсту аяктагам.
Жаңылыктар түрмөгү
0