БШК сайтын изилдөө үчүн ар бир партиянын IT-адистеринен топ түзүлмөй болду

© Фото / Pixabay / Free-PhotosБорьба с фейковой информации в КР
Борьба с фейковой информации в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Жазылуу
Жумушчу топ БШКнын аянтчасында чогулуп сайтта кетирилген мүчүлүштүктү изилдеп, өз корутундусун чыгарат.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоого катышкан талапкерлер менен жолугушуусунун жыйынтыгында ар бир партиянын IT-адистеринен турган жумушчу топ түзүлмөй болду.
Ага ылайык, ар бир саясий уюм 3-декабрга чейин өзү ишенген бир IT-адисин өкүл кылып жибериши керек. Алар БШКнын аянтчасында чогулуп АСУдан түшкөн маалыматтарды чагылдырган сайтта кетирилген мүчүлүштүктү изилдеп чыгышат. Андан соң корутундусун коомчулукка жарыялайт.
Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Шайлдабекова добуштар сакталган сервердин "ачкычы" кимде болорун айтты
Мындан сырткары, шайлоо участкаларында бюллетендерди кол менен саноо учурундагы мыйзам бузуулар боюнча арыздар дагы кабыл алынат. Эгер негиздүү деп табылса кайра саноо жүргүзүлөт.
Эске салсак, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо участкалар жабылгандан кийин БШКнын сайты кеминде эки жолу иштебей калган. Биринчисинде, партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчи учурда АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган. Кайра иштеп баштаганда партиялардын добуштары азайып кеткен.
Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды эсептөө маалында болгон сайттагы мүчүлүштүк боюнча такталган расмий маалыматын тараткан. Анда БШКнын адиси АСУдан алган маалыматтарды жарыялоодо санды жаңылышып эки жолу көбөйтүп алган деген маалыматты айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0