Россиянын учактары Афганистандан элди алып келүүгө кетти. Ичинде КР жарандары бар

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүРоссиянын учагы Афганистандан жарандарды эвакуациялоо учурунда
Россиянын учагы Афганистандан жарандарды эвакуациялоо учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Жазылуу
Россия лидери Владимир Путиндин тапшырмасы менен коргоо министри Сергей Шойгу Афганистан аймагынан элди эвакуациялоо үчүн үчүнчү ирет учак жиберген.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Россиянын аскердик-транспорттук үч учагы Афганистандан жарандарды эвакуациялап, гуманитардык жардам жеткирүү үчүн учуп кетти. Алардын бири Кабул шаарына барып конду деп билдирди РИА Новости.
"Россия лидери Владимир Путиндин тапшырмасы менен коргоо министри Сергей Шойгу Афганистан аймагына үчүнчү эвакуациялык иштерди уюштурду. Ал жактан Россиянын (380ден ашуун) жана ЖККУга мүчө болгон мамлекеттердин (Кыргызстан) жарандарын жана Россия аймагында окуп жаткан афганистандык студенттерди алып келет", — деп айтылган маалыматта.
Учактар Кабулга Подмосковьедеги Чкалов аэродромунан жөнөп кеткен.
Маалыматта россиялык аба кемелери афган элине эмне жардам алып барганы такталып жатканы жазылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0