Коронавирустун 53 жаңы учуру катталып, үч адам көз жумду. Статистика

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер жана COVID-19 менен бейтап ооруканада
Медициналык кызматкер жана COVID-19 менен бейтап ооруканада - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Жазылуу
Өлкөдөгү ооруканаларда медициналык жардам алып жаткан 378 кишинин ичинен 30унун абалы өтө оор деп бааланды.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 53 адамдан коронавирус табылып, 102 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 18;
  • Чүй облусу – 10;
  • Ош облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 7;
  • Жалал-Абад облусу – 7;
  • Баткен облусу – 8.
Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 183 404кө жетти. Анын ичинен 178 332 адам дартты жеңген.
Бишкектин Биринчи май районуна караштуу Эне жана баланы коргоо боюнча бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
Пресс-борбор
Кыргызстандагы вакциналар "омикронго" каршы эффективдүүбү? Адистин жообу
Тилекке каршы, бир суткада Чүй облусунда үч адам коронавирустун курмандыгы болгон. Алардын вакцина албаганы айтылды. Муну менен жалпысынан 2 749 киши оорудан каза болду.
Азыркы тапта стационарда 378 бейтап, ал эми амбулатордук шартта 466 киши дарыланып жатат. Ооруканада медициналык жардам алып жаткандардын ичинен 30унун абалы өтө оор.
Жаңылыктар түрмөгү
0