Балага эл алдында сүрдөбөй сүйлөөнү үйрөтүү керекпи? Психологдун пикири

© Фото / PixabayСахнадагы кыз. Архив
Сахнадагы кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Жазылуу
Адис эч качан баланы кыйнап, бирөөлөрдүн алдында ырдатып-бийлетпеш керектигин айтат. Андан көрө өз эрки менен өнөрүн көрсөткөн учурда мактап, көңүлүн көтөрүп коюу зарыл.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Балага кичине кезинен баштап эл алдына чыгып сүрдөбөй сүйлөөнү үйрөтүүнүн канчалык зарылдыгы бар? Бул тууралуу РИА Новости агенттигине маек берип жатып Россиянын билим берүү тармагындагы психологдор федерациясынын мүчөсү, педагог-психолог Юлия Челышева айтты.
Алгач адис балага эл алдына чыгып сүйлөөнүн кандай пайдасы бар экенин түшүндүрдү.
"Сүйлөп жаткан адам ар дайым жалгыз болот. Аны угуп жаткандардын бардыгы ага карама-каршы турат. Ошол кезде бала канчалык өзүнө ишенип, жакшы сезсе, кийин ошончолук төгөрөгү төп келген адам болуп чоңоёт. Ал эми айтаар сөзүн таппай калган, уялчаак болуп чоңойгон кишини кийин оңдоо өтө татаал", — деди Челышева.
Ошондой эле ал балага публика алдында сүйлөөнү кантип үйрөтсө болорун айтып берди.
Мугалим окуучунун тапшырмасын текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Мугалим менен окуучунун ортосундагы конфликтини ата-эне кантип чече алат
"Эч качан наристени кыйнап, коноктордун көзүнчө ырдатып, бийлетпеш керек. Анткени адам көпчүлүк учурда бирөөнүн баасынан коркот, өзүнө жакпаган сөз угуп калса чүнчүйт. Андан көрө үй-бүлө мүчөлөрүнүн арасында сүйлөп, жакшы өнөрүн көрсөткөндө мактап, жакшы сөздөрдү айтып коюу зарыл", — деди психолог.
Адис сөзүнүн аягында бала уялчаак болсо, аны алгач жалгыз киши эмес, топ-топ болуп иштеген спорттук же башка ийримдерге катыштырган жакшы экенин айтат. Анткени ал жалгыз эмес, артында командасы бар экенин билгенде акырындык менен өзүнө болгон ишеними бекемдей баштайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0