Бийлик трагедиялуу 2 окуяны эске салды. Алар боюнча тергөө иштери аяктап калды

© AP Photo / Vladimir VoroninДача-СУ айылында кулаган учак. Архив
Дача-СУ айылында кулаган учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Жазылуу
Июнь окуялары боюнча тергөө уланууда жана анын жыйынтыгы да жакында коомчулукка маалым болору айтылды.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Дача СУ кырсыгы, “Аврора” пансионатынын аймагынан кыймылсыз мүлктү улутташтыруудан чыгаруу жана июнь окуялары боюнча кылмыш иштерин иликтөө уланууда жана алар учурда жыйынтыкталуу алдында турат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө “Аврора” пансионатынын аймагындагы (негизинен “Аврора+” пансионатында коттедждерди жана жер тилкелерин) кыймылсыз мүлктү улутташтыруудагы коррупция фактысы боюнча эки фигурант кармалды.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, кармалгандар тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүүдө.
 “Июнь окуялары боюнча тергөө улантылууда жана анын жыйынтыгы да жакында коомчулукка маалым болот”, — деди Султанбаев.
Дача СУ иши боюнча тергөө аяктоо алдында, жакын арада анын жыйынтыктары коомчулукка ачыкталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0