Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү "омикрон" штаммы тууралуу эмне белгилүү экенин айтты

© Sputnik / Томас Тхайцук / Медиабанкка өтүүДарыгер COVID-19га каршы вакцина даярдап жатат. Архив
Дарыгер COVID-19га каршы вакцина даярдап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
Жазылуу
Коронавирустун "омикрон" жаңы штаммынын 32ден ашык мутациясы бар. ДССУ өкүлү алардын айрымдары кооптонуу жаратарын айтты.
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Коронавирустун "омикрон" жаңы штаммы учурда толук изилденип бүтө элек. Бирок ал иммунитети бар адамдарга дагы жуга турганы белгилүү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлү Акбар Эсенгулов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстандын пресс-борборунда өткөн "Дүйнөгө коркунуч жараткан штамм-супермутанттан Кыргызстан кантип коргонот" аталышындагы брифингге катышты.
Эсенгуловдун айтымында, ДССУ жаңы штамм тууралуу 24-ноябрда Түштүк Африка өкмөтү инфекция табылганын кабарлагандан кийин билген.
© Sputnik / Жоомарт УраимовДүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлү Акбар Эсенгулов
Сотрудник офиса Всемирной организации здравоохранения по чрезвычайным ситуациям в Кыргызстане Акбар Эсенгулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлү Акбар Эсенгулов
"Бул штаммдын мутациялары көп, 26дан 32ге чейин жетет. Алардын айрымдары тынчсызданууну жаратат. Штамм канчалык оор ооруну пайда кылары жана мурунку инфекцияларга салыштырмалуу канчалык жугуштуу экени азырынча белгисиз. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал мурда иммунизацияланган адамдарда да кайра инфекцияны козгоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондуктан биз өлкөлөрдү бул коркунучка карата даярданууга жана көзөмөлдү күчөтүүгө чакырабыз", — деген Эсенгулов.
Анын айтымында, коргонуу боюнча калкка мурдагыдай эле сунуштар айтылат:
  • Колду самындап жуу;
  • Социалдык аралыкты сактоо;
  • Эл көп чогулган жерлерге баруудан кармануу.
Эске салсак, министрлер кабинети Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен COVID инфекциясынын "омикрон" жаңы штаммынын пайда болушу боюнча чукул кеңеш өткөргөн. ДССУ аны кооптуу штаммдардын катарына киргизген. Саламаттык сактоо жана Тышкы иштер министрликтерине вирустун жаңы мутациясынын Кыргызстанда жайылышын алдын алуу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0