COVID эки адамдын өмүрүн алып, 37 кишиден аныкталды. Соңку маалымат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер жана COVID-19 менен ооруган бейтап ооруканада
Медициналык кызматкерлер жана COVID-19 менен ооруган бейтап ооруканада - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2021
Жазылуу
Көз жумган эки киши Баткенде жана Чүйдө дарыланып жаткан. Каза тапкандардын саны ушуну менен 2 743кө жетти.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Өлкөдө соңку суткада коронавирус инфекциясы 37 кишиден аныкталып, эки адам көз жумганын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек — 19;
  • Талас — 1;
  • Ысык-Көл — 6;
  • Жалал-Абад — 3;
  • Баткен — 8.
Пандемиядан бери 183 285 адам ооруду.
Pfizer вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2021
Кыргызстанда өспүрүмдөр Pfizer вакцинасын сайдырат. Кимдер алышы керек
Көз жумган эки киши Баткенде жана Чүйдө дарыланып жаткан. Ушуну менен оорудан каза болгондордун саны 2 743кө жетти.
Акыркы суткада коронавирус инфекциясын 64 бейтап жеңди. Баш-аягы 178 112 адам сакайды.
Учурда стационарда 430, амбулатордук дарылоодо 463 бейтап бар. Ооруканада 174 адам оор абалда жана 33 киши өтө оор абалда жатат. Калганы канааттандырарлык жана орточо абалда экени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0