Арзан кезинде жасап алгыла! Министрликтин айдоочуларга эскертүүсү

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүАвтоунаалар. Архив
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2021
Жазылуу
Улуттук кампания жылдын аягына чейин болот. Акция башталгандан, тагыраагы, 1-июндан тарта 189 585 машина жаңы ээлерине катталган.
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы автоунаа айдап жүргөндөрдү темир тулпарын нөлдүк ставка менен өзүнө кайра каттатып алууга дагы бир ай бар. Бул тууралуу Санарипти өнүктүрүү министрлигинен кабарлады.
Улуттук кампания жылдын аягына чейин уланат. Акциясыз күндөрү автоунааны кайра каттатууда бул кыймылдуу мүлктүн жалпы баасынан бекитилген эреже боюнча бир пайыз алынат. Эске салсак, мындай жеңилдетүү мурда да жарыяланып, анда 0,3 пайызга чейин болгон.
Азыркы арзандатуу шартында, 31-декабрга чейин жогоруда айтылган 1 пайыз алынбайт, министрлик андыктан темир тулпар ээлерине айдап жүргөн автоунаасын мурдагы кожоюндарынан кайра өзүнө каттатып алууда болгону 498 сом гана төлөй тургандыгын айтты. Бул кызмат көрсөтүүгө гана каралган акча. Эгерде ал номердик белгисин же аймагын өзгөрткүсү келсе, анда 1 633 сом төлөйт.
Таксист Эген Апсаматов россиялык блогерлер Гусейн Гасанов жана Арутюн Назарян менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Гусейн автоунаа сатып берген Эген: кызымдын операциясына акча таппай жүргөм
Акция башталгандан, тагыраагы, 1-июндан тарта 189 585 машина учурдагы ээсине каттатылган.
Өлкө боюнча бул багытта иш алып барган мамлекеттик "Унаа" ишканасынын аймактык 26 бөлүмү жумасына беш күн, тагыраагы, дүйшөмбү-жума күндөрү иштейт. Ал эми эс алуу күндөрү "Риом-авто" базарынан аталган мамлекеттик ишкананын Батыш аймактык бөлүмүнөн каттатып же кайра каттатып алса болот.
Мындай процедураларды эл үчүн жеңилдетүү жана тейлөөнү жакшыртуу үчүн банктык кызматтарды терминалдан төлөө системасы каралган. Министрликтен Бишкектеги, Оштогу шаардык, Жалал-Абаддагы аймактык бөлүмдө бул мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга болорун билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0