Мэрия: тыюу салынган нерселерди жакпагыла, айып төлөйсүңөр!

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүҮйдөн чыгып жаткан түтүн. Архив
Үйдөн чыгып жаткан түтүн. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Жазылуу
Тыюу салынган нерсени жакканда түтүн менен уулуу химиялык заттар бөлүнүп чыгып, ал ден соолукка зыянын тийгизип, абаны бузары айтылды.
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бишкек мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы шаардыктарды тыюу салынган нерселерди жагып, үй, имарат жылытпоого чакырды.
Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, бул учурда түтүн менен уулуу химиялык заттар бөлүнүп чыгып, ал ден соолукка зыянын тийгизип, абаны бузат.
"Эгер мындай факт катталса, Бузуулар кодексинин 71-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык, 7 500 сомдон 23 миң сомго чейин айып пул салынат", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия тыюу салынган нерсе жаккандарды көрүп калгандар болсо Санитардык-экологиялык инспекциянын төмөнкү номерлерине чалууну сунуштады:
  • Свердлов району боюнча — 055 1551745;
  • Октябрь району боюнча — 0505 523832;
  • Биринчи май району боюнча — 0555 404818;
  • Ленин району боюнча — 0554 222213.
Жаңылыктар түрмөгү
0