Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Шайлоодон кийин жарык өчүрүлө баштайбы? Энергетика министрлигинин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлектр лампасы. Архив
Электр лампасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Жазылуу
Буга чейин ишкерлер арасында 28-ноябрдан кийин, башкача айтканда, парламенттик шайлоодон соң электр энергиясы жапырт өчүрүлөт деген кооптонуулар болуп жатканы айтылган.
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Өлкөдө ЖК шайлоосунан кийин электр энергиясына кескин чектөөлөр киргизилип же өчүрүлбөйт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин электр энергиядагы мамлекеттик саясат башкармалыгынын жетекчиси Айбек Айдаралиев билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигининин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Агросектор тармагында электр жарыгы өчүрүлөбү?" деген тегерек столдо сөз сүйлөдү.
Буга чейин Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Рустамжан Балтабаев ишкерлер арасында 28-ноябрдан кийин, башкача айтканда, парламенттик шайлоодон соң электр энергиясы жапырт өчүрүлөт деген кооптонуулар айтылып жатканын билдирген.
Айдаралиев электр энергиясына эч кандай чектөөлөр киргизилбей турганына жана өчүрүлбөстүгүнө ишендирди.
"Кооптонууга негиз жок. Шайлоо учурунда айрым талапкерлер жана партиялар упай топтоо үчүн айтып жатышат. Эртең жымжырттык күнү, бүрсүгүнү добуш берүү күнү. Дүйшөмбүдө эч кандай чектөөлөр болбой турганын өзүңүздөр деле көрөсүздөр. Биз күнү-түнү иштеп жатабыз, өзүбүздүн пландарыбыз, көрө турчу чараларыбыз бар", — деди министрликтин өкүлү.
Ал кийинки жылы Кыргызстанда электр энергиясы өндүрүү көбөйтүлөрүн кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0