18:08 30 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7888
  • EUR96.2310
  • RUB1.1321
Коом
Кыскача шилтеме алуу
68 0 0

Муниципалитет эл ташууга чыккан коомдук транспорт тууралуу да маалымат берген. Саат 8:00гө карата каттамга 198 автобус, 129 троллейбус, 670 маршрутка чыкты.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын жолдорундагы карды тазалоо үчүн 38 техника колдонулуп, ишке 715 жумушчу чыкты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

  • Сотрудники МП Тазалык во время уборки снега на одной из улиц Бишкека
    Борбор калаанын жолдорундагы карды тазалоо үчүн 38 техника колдонулуп, ишке 715 жумушчу чыкты
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Сотрудники МП Тазалык во время уборки снега на одной из улиц Бишкека
    Жолдорго жана тротуарларга 20 тонна туз себилген
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Сотрудники МП Тазалык во время уборки снега на одной из улиц Бишкека
    Мэрия жол тазалоого байланышкан маселелер болсо же трасса боюнда тазаланбаган жерди көрүп калса шаардыктар 0554 182 185 WhatsApp номерин жазып же 1840 жана 1850 номерлерине чала аларын белгиледи.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 3
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Борбор калаанын жолдорундагы карды тазалоо үчүн 38 техника колдонулуп, ишке 715 жумушчу чыкты

Ага ылайык, жолдорго жана тротуарларга 20 тонна туз себилген. Мындай иштер шаардын 133 көчөсүндө жүргүзүлдү.

Муниципалитет саат 8:00гө карата каттамга 198 автобус, 129 троллейбус, 670 маршрутка чыкканын кошумчалады.

Мэрия жол тазалоого байланышкан маселелер болсо же трасса боюнда тазаланбаган жерди көрүп калса шаардыктар 0554 182 185 WhatsApp номерин жазып же 1840 жана 1850 номерлерине чала аларын белгиледи.

Тема боюнча

Күн кайра ачылабы? Дем алышка карата аба ырайы
Белгилер:
Бишкек, Бишкек мэриясы, тазалоо, коомдук транспорт

ЭҢ МААНИЛҮҮ