Гусейн автоунаа сатып берген Эген: кызымдын операциясына акча таппай жүргөм

© Фото / предоставлено Эгеном АпсаматовымТаксист Эген Апсаматов россиялык блогерлер Гусейн Гасанов жана Арутюн Назарян менен
Таксист Эген Апсаматов россиялык блогерлер Гусейн Гасанов жана Арутюн Назарян менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Жазылуу
Таксист Эген Апсаматов кең пейилдиктин жана кайрымдуулуктун үлгүсүн көрсөтүп, кыргызстандыктарга сыймык тартуулады. Ал мындай мүнөзү үчүн 1,5 миллион рублдик жаңы автоунаалуу болду.
Россиялык атактуу блогерлер Гусейн Гасанов менен Арутюн Назарян социалдык эксперимент жүргүзүп, ким аларды акысыз жеткирүүгө макул болсо, ошого жаңы автоунаа белек кылууну убадалашкан. "Байкуштардын" өтүнүчүн бир нече таксист четке какты. Акыры кыргызстандык таксист макул болуп, айткан дарегине жеткирген.
Аталган видео жарыялангандан кийин Гусейн Гасанов баракчасына "Жардамга муктаж кезде кол сунган адамдар бул дүйнөдө бар экенине аябай кубанычтамын. Бул таксист анын бир үлгүсү. Жардамдан баш тарткандар видеону көрүп койгула" деген пикирин жазган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ГУСЕЙН ГАСАНОВ (@gusein.gasanov)

Sputnik Кыргызстан агенттиги Эген Апсаматов менен маектешип, окуянын чоо-жайы тууралуу кенен маалымат алды.
— Блогерлер менен кантип кезигип калдыңыз? Окуя кандайча болгонун өз оозуңуздан уксак.
— Мурдагы күнү (23-ноябрь) Москванын чок ортосунда жайгашкан мейманкананын жанына чакыруу түштү. Барсам эки жигит келип "аябай шашып жатабыз, үч-төрт такси албай кетти, үшүп да калдык, бекер жеткирип коёсуңбу?" деди. Карасам 20 мүнөттүк жол экен, анча убакытта эмне чечилет эле деп макул болдум. Андан ары кардар чыкса алып кетем деп ойлогом. Мындай болорун кайдан билди дейсиз, кудай берген экен да мага.
— Демек, сизди көчөдөн токтотпой атайын чакырган турбайбы?
— Ооба, менин алдымдагы таксисттерди да чакырып суранышкан экен, баш тартышыптыр.
© Фото / Эген АпсаматовАпсаматов: блогерлер белек кылган Kia Rio заводдон 2021-жылы чыгарылган экен. Болгону 5 чакырым жүрүптүр
Кыргызстанец Эген Апсаматов, работающий таксистом в Москве  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Апсаматов: блогерлер белек кылган Kia Rio заводдон 2021-жылы чыгарылган экен. Болгону 5 чакырым жүрүптүр
— Сизге автоунаа белек кыларын качан айтышты?
— Алардын бара турган дареги автосалон экен. Жеткенде "бизди 15 мүнөт күтүп тур, акчабыз бар азыр эки эселеп беребиз" деп калышты. Анысына да макул болуп күттүм. Бир аздан кийин чыгып эле "сен машина утуп алдың, кирип өзүң алып чыгып кет" дешти. Чынын айтсам, ишенген жокмун. Машинаны алып чыгып, айдап баратканда дагы ишене албадым. Документтерин карасам менин атым жазылып турат. Анан үйдүн алдында бир күн тургандан кийин ишене баштадым.
— Блогер Гусейн Гасановду мурда таануучу белеңиз?
— Жок, көрсө ал аябай белгилүү блогер турбайбы. Автосалондун кызматкерлери чуркап чыгып автограф алып, суранып сүрөткө түшүп жатышты. Ал жерде иштеген бир кыргыз баладан мага машина берген жигит ким деп сурасам "тааныбайсызбы, Гусейн Гасанов деген ушул да" деди. Ошол маалда ал өзү мени чакырып, унаанын алдында сүрөткө түштүк.
— Буга чейин да акысыз жеткирүүнү сурангандар болду беле?
Таксист Нурсултан Кайназаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2019
Аз жерден калдым! Москвада 1 млн. рублди ээсине кайтарган таксисттин маеги
— Сурангандардын бирине да баш тарткан эмесмин. Эки айда эки-үчөөнү жеткирдим. Бир күнү болбосо, бир күнү жакшылыгы кайтат деген ойдо жүргөм. Кудайдан үмүттү үзбөдүм. Апам да күнүгө таңга маал куран окуп, сага дуба кылып жатам деп айтты эле. Апамдын дагы дубасы кабыл болду окшойт. Анан Гусейнге чоң рахмат, кудай аны мага себепкер кылды.
— Мындан ары жаңы унааңыз менен такси айдайсызбы же башка пландарыңыз барбы?
— Блогерлер белек кылган Kia Rio заводдон 2021-жылы чыгарылган экен. Болгону 5 чакырым жүрүптүр, айдап үйгө келгенче 29 чакырымга көтөрүлдү. Жолдон ушундай унааларды көрүп, мен качан жетем деп кыялданчумун. Машинаны күнүнө 1600 рублге ижарага алып деле жакшы иштеп жаттым. Эми өзүңдүкү болсо дагы көбүрөөк табасың да. Жаңы унаамдын документтерин такси кызматында иштөөгө ылайыктап алгандан кийин, ижарадагы машинаны өткөрүп берем.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от @egen.apsamatov

— Такси кызматында көптөн бери эмгектенесизби?
— 2019-жылы орношуп бир жарым жылдай иштегем. Андан кийин курулуш тармагында жүрдүм. Досторум такси жакшы болуп жатат дешкенинен кайра келип эки айдан бери иштеп жаткам. Бир чети карызым да көбөйүп кетти эле.
— Эмнеден улам карызыңыз көбөйүп кетти, курулушта ишиңиз жакшы жүрүшкөн жокпу?
— Андай деле эмес, түзүк эле киреше таап жаттым. Турмуш-тиричиликке керек болгондо, кандайдыр бир муктаждык жаралганда алып атып 100 миң рублден ашып кетти.
— Москвада үй-бүлөңүз менен туурасызбы?
— Келинчегим, уул, кызым төртөөбүз жашайбыз. 5-жаштагы кызымдын оң кулагы жабык төрөлүп калган. Жай сүйлөсөң укпай, машинага отурганда ар дайым музыканын үнүн жогорулатууну сурай берет. Бул нерсе жүрөгүмдү өйүп, кантип кулагын ачтырып алам деп санаа тартам. Айылдагы үйүмдүн жер тилкесинин жарымын сатайын деген да ой кетти. Келинчегим буга чейин блогерлерге кайрылып жардам суроону сунуштаган. Бирок мен жазга чейин иштеп акча табам деп сөз берген элем.
© Фото / Эген АпсаматовАпсаматов: апам күнүгө таңга маал куран окуп, сага дуба кылып жатам деп айтты эле. Апамдын дагы дубасы кабыл болду окшойт
Кыргызстанец Эген Апсаматов, работающий таксистом в Москве  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Апсаматов: апам күнүгө таңга маал куран окуп, сага дуба кылып жатам деп айтты эле. Апамдын дагы дубасы кабыл болду окшойт
— Канча каражат талап кылынууда?
— Бир таанымал дарыгерге жазылсак, 1,5 жылдан кийин кезек жетти. Анын жардамчылары операция жолу менен кулагын ачып, угуу жөндөмүн калыбына келтирсе болорун айтышкан. Ал үчүн 1,5 миллион рубль керек экен. Блогерлер менен сүйлөшкөн видеону көрүп, жардам берүү ниетин билдирип жазгандар болду. Мындан улам атайын эсеп ачтык, учурда каражат түшө баштады. Жалаң эле кыргыздар эмес башка улуттун өкүлдөрү дагы которууда. Баарына ыраазычылыгымды билдирем.
— Блогерлер менен сүйлөшүп жатып апаңыз тууралуу айтып кеттиңиз, ал учурда кайсы жакта?
— Өзүм Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Тескей-Кожоке айылынан болом. Атам 12 жыл мурун кайтыш болгон, апам учурда Бишкекте агам менен эжелеримдин үйүндө турат. Мен апамды карап кала турган үйдүн эң кичүүсүмүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0