Казакстандан Шабыркүл көмүрү көп келе баштайт. Кайдан канчага сатып алса болот

© AFP / MOHAMMED ABEDЖумушчу көмүрдү кармап турат. Архив
Жумушчу көмүрдү кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Жазылуу
Кампаларда график өзгөрүп, алар апта ичи күнү-түнү тынбай иштейт. Шабыркүл көмүрүнүн бир тоннасы 4 600 сомдон ашпай сатылары айтылды.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги импорттоочулар менен Казакстандын Шабыркүл көмүрүн көбүрөөк алып келүүнү макулдашты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, импорттоочу Бишкек менен Чүй облусунун көмүр базаларына кара алтынды мындан да көп алып келиши керек.
"Кампаларда график өзгөрүп, алар апта ичи күнү-түнү тынбай иштейт. Шабыркүл көмүрүнүн бир тоннасы 4 600 сомдон ашпайт", — деп айтылат маалыматта.
Шабыркүл көмүрү сатыла турчу кампалардын дареги:
  • Бишкек — Мурманская көчөсү, 1а;
  • Шопоков — "Сокулук базасы" жана "Берекет" ишканасы;
  • Кайыңды — Октябрдын 60 жылдыгы көчөсү, 7;
  • Шопоков — Жантаев көчөсү, 23;
  • Кант — Логвиненко көчөсү, 13.
Макулдашуунун алкагында өлкөгө 247 вагон Шабыркүл көмүрү алып келинет.
Жаңылыктар түрмөгү
0