"Ысык-Көл" эл аралык аэропорту жаңы график менен иштей баштады

© Фото / пресс-служба ОАО "МАМ""Ысык-Көл" эл аралык аэропорту
Ысык-Көл эл аралык аэропорту  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Жазылуу
Аэропорт жаңы тартипке 2021-жылдын 31-октябрынан тартып өткөн. Жаңы түзүлгөн график 2022-жылдын 26-мартына чейин иштейт.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту күзгү-кышкы графикке өтүп, каттамдарды жаңы расписание менен тейлей баштады. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Аталган учак жайы мындай жаңы графикке 2021-жылдын 31-октябрынан тартып өткөн. Жаңы түзүлгөн график 2022-жылдын 26-мартына чейин иштейт.

Каттамдар графиги:

"Аэрофлот" авиакомпаниясы
  • Москва — Тамчы — Москва (Шереметьево) жумасына 3 жолу (дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби);
"Уральские авиалинии" авиакомпаниясы
  • Москва — Тамчы — Москва (Домодедово) жумасына 1 жолу (ишемби);
  • Москва — Тамчы — Москва (Жуковский) жумасына бир жолу (шаршемби)
  • Екатеринбург — Тамчы — Екатеринбург жумасына бир жолу (шейшемби).
"Сибирь" авиакомпаниясы
  • Москва — Тамчы — Москва (Домодедово) жумасына бир жолу (жекшемби);
  • Новосибирск — Тамчы — Новосибирск жумасына бир жолу (бейшемби).
Жаңылыктар түрмөгү
0