12:54 02 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7969
  • EUR95.9477
  • RUB1.1463
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1542 0 0

Каттын авторлорунун айтымында, азыркы мыйзам долбоор кабыл алынса Конституцияда расмий тил катары бекитилген орус тилин колдонуу чөйрөсү кыскарып кетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы россиялык мекендештер уюмунун координациялык кеңеши президент Садыр Жапаровго ачык кат жолдошту.

Буга "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө" жаңы мыйзам долбоору себеп болгон.

Каттын авторлору азыркы мыйзам долбоор кабыл алынса Конституцияда расмий тил катары бекитилген орус тилин колдонуу чөйрөсү кыскарып, Кыргызстандагы орус тилдүү жарандардын укуктары бузулушу мүмкүн деп тынчсызданып жатканын айтышкан. Алар орус тилдүү коомчулуктун жашоосунун өнүгүшүнө бардык багыттар боюнча эффективдүү кызматташууга орус тилинин статусу маанилүү экенин эскерткен.

"Биз расмий тилди колдонуу учурдагы мыйзамдын алкагында ишке ашышы керек деген ойдобуз. Жарандардын орус же кыргыз тилин билбегендиги үчүн укугун чектөөгө жол берилбеши керек", — деп айтылат катта.

Кыргызстанда 23-ноябрда "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам долбоорунун коомдук талкуудагы мөөнөтү аяктады. Аны министрлер кабинети демилгелеп, Тил боюнча мамлекеттик комиссия иштеп чыккан. Кандай өзгөчөлүктөрдү киргизүү пландалып жатканын материалдан окуңуздар.

Тема боюнча

Баары кыргыз тилин билиши милдет. Жаңы мыйзам камтыган кызматкерлердин тизмеси
Белгилер:
Кыргызстан, мамлекеттик тил, мыйзам долбоору, орус тили, Садыр Жапаров, кат

ЭҢ МААНИЛҮҮ