Блогер Гусейн Гасанов кыргызстандык таксистке ыраазы болуп унаа алып берди. Видео

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүБлогер Гусейн Гасанов жана досу. Архив
Блогер Гусейн Гасанов жана досу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Жазылуу
Таксистке ыраазы болгон блогерлер ага заводдон жаңы чыгарылган 1,5 миллион рублдик Kia Rio үлгүсүндөгү машина алып беришти.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Россиялык блогерлер Гусейн Гасанов менен Арутюн Назарян Москвада такси айдап иштеген кыргызстандыкка автоунаа белек кылышты.
Аталган видеону Гасанов "Жакшылык кайтат" деген аталыш менен Instagram баракчасына жүктөгөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ГУСЕЙН ГАСАНОВ (@gusein.gasanov)

Кадрдан эки блогер социалдык эксперимент жүргүзүп, акчасы жок калган адамдын образын жаратканын көрүүгө болот. Эгер ким аны акысыз жеткирүүгө макул болсо, ошого жаңы автоунаа алып берүүнү убадалашкан. "Байкуштардын" бекер жеткирүү өтүнүчүн бир нече таксист четке каккан. Акыры кыргызстандык таксист Эген Апсаматов ага макул болуп, айткан дарегине жеткирген.
Жолдо сүйлөшүп баратып ал Москвада көптөн бери иштеп жүргөнүн, айдаган машинасынын ижара акысына күнүнө 1 600 рубль төлөөрүн айткан. Бир уул, бир кызы бар экенин, тилекке каршы, кызынын бир кулагы укпагандыктан операция жасатууга муктаж экенин билдирген. Жүргүнчүлөр анын кыялдары тууралуу да сурашкан.
"Кээде сурангандар болсо акысыз жеткирип коём. Бүгүн аларга жакшылык кылсам, кийин ал нерсе кайта турганына ишенем. Айына 40 миң рублдей табам. Эң биринчи кыялым — карыздан кутулуп, өзүм үчүн бир аз иштеп алып мекениме кетүү. Ал жакта апам жалгыз", — деп жооп берген.
ДТП с пассажирским автобусом в Перми - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2019
Пермде автобустун жүргүнчүлөрүн сактап калган кыргызстандык таксист сыйланды
Андан соң блогерлер Апсаматовдун жакшылыгына ыраазычылык билдирип, заводдон жаңы чыгарылган 1,5 миллион рублдик Kia Rio үлгүсүндөгү машина алып беришти. Таксист буга алгач ишенип-ишенбей, анан кубанганынан жашып кеткенин көрүүгө болот.
Гусейн Гасанов аудиториясы кенен белгилүү блогерлердин катарында. Анын Instagram баракчасына 19,2 миллион адам катталуу.
Жаңылыктар түрмөгү
0