Азыр Бишкектин абасы кандай жана булгануунун деңгээлин кайдан билсе болот

© Sputnik / Михаил ДудинБишкек шаарынын дрондон көрүнүшү
Бишкек шаарынын дрондон көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Жазылуу
Борбордун мэриясы абанын абалы боюнча шаардыктарга күн сайын маалымат берип турууну чечти. Бүгүн анткен менен абал өтө жаман эмес.
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкек мэриясы бүгүн, 24-ноябрда, борбор калаанын абасында зыяндуу заттар өтө көп эместигин кабарлады.
Маалымат кызматы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ченеми боюнча РМ 2.5 бөлүкчөсүнүн жылдык орточо деңгээли кубометрине (мкг/м3) 10 микрограммды түзүшү керектигин билдирди. Ал эми суткасына 25 мкг/м3 көрсөткүчүнөн ашпашы керек.
Кар учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Күн сууктап, кайрадан кар түшөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Бүгүн, 24-ноябрда, Бишкектин бир катар райондорунда бөлүкчөлөр 9 мкг\м3 деңгээлинен көтөрүлгөн эмес.
Бишкекте күн жылуу, тагыраагы, +15 градус. Анткен менен 26-27-ноябрда аба ырайы бузулуп, сууктап, бул ыштын пайда болушун шарттайт. Буга чейин шаардагы экологиялык көйгөйлөр боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Борбордун мэриясы абанын абалы боюнча шаардыктарга күн сайын маалымат берип турууну чечти. Керектүү маалыматтарды Кыргызгидрометтин сайтынан да тапса болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0