COVID статистикасы: 43 жаңы учур катталып, үч бейтап көз жумду

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Жазылуу
Коронавирустан көз жумгандардын вакцина албаганы айтылды. Анын бири Чүйдөн болсо, экөө Ысык-Көлдө каза болгон.
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада 43 адамдан коронавирус табылып, 94 киши айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 14;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 11;
  • Ош облусу – 3;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 3;
  • Баткен облусу – 1.
Жалпысынан өлкөдө коронавирус илештиргендердин саны 182 996га жетти. Анын ичинен 177 693 киши дартты жеңген.
Өлүм учурлары дагы эле катталууда. Кечээтен бери оору үч адамдын өмүрүн алган. Анын бирөө Чүйдө, экөө Ысык-Көлдө көз жумган. Пандемия башталгандан бери илдеттен 2 732 адам каза тапты.
Бүгүнкү күндө республика боюнча ооруканада 454 бейтап бар болсо, 582 адам амбулатордук шартта дарыланып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0