05:49 07 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7942
  • EUR95.7496
  • RUB1.1510
Коом
Кыскача шилтеме алуу
191210

"Кобальт-2021" атайын тактикалык аскердик машыгуусуна алты өлкөнүн аскер күчтөрү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Тажикстандын "Фахробод" аскердик полигонунда "Кобальт-2021" аталышындагы атайын тактикалык аскердик машыгуу өттү. Иш-чарага ЖККУнун ыкчам аракеттенүү күчтөрү жана Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы аскер бөлүгү катышканын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

  • Военнослужащие Кыргызстана на учениях Кобальт-2021 на военном полигоне Фахробод в Таджикистане
    Тажикстандын "Фахробод" аскердик полигонунда "Кобальт-2021" аталышындагы атайын тактикалык аскердик машыгуу өттү
    © Фото / пресс-служба МВД
  • Военнослужащие Кыргызстана на учениях Кобальт-2021 на военном полигоне Фахробод в Таджикистане
    Иш-чара заманбап коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөшүүдө укук коргоо органдары менен коопсуздук күчтөрүнүн эл аралык кызматташуусун бекемдөөгө багытталган
    © Фото / пресс-служба МВД
  • Военнослужащие Кыргызстана на учениях Кобальт-2021 на военном полигоне Фахробод в Таджикистане
    Анда Армениянын, Беларустун, Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын жана Тажикстандын укук коргоо жана аскер кызматкерлери мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу боюнча операцияларды пландоо жана аткаруу боюнча машыгууларды өткөрүштү
    © Фото / пресс-служба МВД
  • Военнослужащие Кыргызстана на учениях Кобальт-2021 на военном полигоне Фахробод в Таджикистане
    Аскердик машыгууга катышкан Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов сөз сүйлөп, иш-чара жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи
    © Фото / пресс-служба МВД
  • Военнослужащие Кыргызстана на учениях Кобальт-2021 на военном полигоне Фахробод в Таджикистане
    Тартылган бардык жоокерлер жана атайын багыттагы күчтөрдүн ыкчам штабы биргелешкен жана жогорку кесипкөйлүк жөндөмдөрүн көрсөтүшүп, бул машыгуулардын ийгиликтүү жыйынтыгынын ачкычы болуп калды.
    © Фото / пресс-служба МВД
1 / 5
© Фото / пресс-служба МВД
Тажикстандын "Фахробод" аскердик полигонунда "Кобальт-2021" аталышындагы атайын тактикалык аскердик машыгуу өттү

Канттагы Россиянын авиабазасынын терроризмге каршы бөлүгү окуу-машыгуунун жүрүшүндө көзөмөлдөп өткөрүү пунктунан каршылаштын чабуулун артка кайтарды
© Фото / пресс-служба Центрального военного округа Минобороны РФ
Иш-чара заманбап коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөшүүдө укук коргоо органдары менен коопсуздук күчтөрүнүн эл аралык кызматташуусун бекемдөөгө багытталган. Анда Армениянын, Беларустун, Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын жана Тажикстандын укук коргоо жана аскер кызматкерлери мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу боюнча операцияларды пландоо жана аткаруу боюнча машыгууларды өткөрүштү.

Аскердик машыгууга катышкан Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов сөз сүйлөп, иш-чара жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи.

Тартылган бардык жоокерлер жана атайын багыттагы күчтөрдүн ыкчам штабы биргелешкен жана жогорку кесипкөйлүк жөндөмдөрүн көрсөтүшүп, бул машыгуулардын ийгиликтүү жыйынтыгынын ачкычы болуп калды.

"Учурда трансулуттук кылмыштуулук, экстремизм жана баңгизатка байланыштуу кылмыштар эл аралык масштабда жайылып, дүйнө тынчтыгына, коопсуздугу менен бейпилдигине коркунуч туудурган бүгүнкү заманда атайын машыгуулар жана Жамааттык күчтөрдүн биргелешкен аракеттеринин практикалык тажрыйбасы өзгөчө маанилүү. Өткөрүлүп жаткан машыгуулар кылмыштуулук менен күрөшүүгө чоң салым кошуп, мамлекеттерибизде туруктуулукту жана тынчтыкты сактоого кызмат кылат деп ишенем", — деген министрдин орун басары.

Сөзүнүн соңунда Урмамбетов кезектеги "Кобальт-2022" машыгууларын Кыргызстанда өткөрүү пландалып жатканын билдирип, аны уюштурууда ар тараптуу колдоо жана жемиштүү кызматташуулар болоруна үмүт артарын белгиледи.

Тема боюнча

"Кобальт", Hamkorlik жана башкалар. Борбор Азияда аскердик машыгуулар уланууда
Кыргызстанда 3000 качкынды кабыл алууга даярданган машыгуу башталды
Белгилер:
Тажикстан, ЖККУ, аскердик машыгуу, Кыргызстан, ИИМ, Октябрь Урмамбетов

ЭҢ МААНИЛҮҮ