Кыргызстанда ушул жумада кышкы туристтик сезон ачылат. Убактысы

© Фото / Сергей ЕршовКаракол лыжа базасындагы кыз. Архив
Каракол лыжа базасындагы кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
Ишемби күнү боло турчу иш-чара жергиликтүү калкты жана чет элдик туристтерди кышкы туризмге активдүү тартууну көздөйт.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда кышкы туристтик сезондун расмий ачылышы 27-ноябрда өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жана жаштар саясаты министрлигинин Туризм департаменти кабарлады.
Иш-чара "Каракол" тоо лыжа базасында болмокчу.
Иш-чара жергиликтүү калкты жана чет элдик туристтерди кышкы туризмге активдүү тартууну, өлкөнүн ажайып кооз аймактарын пропагандалоо менен бирге дени сак жашоо образын жайылтууну көздөй турганы белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0