Бүгүн Бишкектеги айрым үйлөргө жылуулук азыраак берилет

© SputnikБорбордук жылытуу батареясы. Архив
Борбордук жылытуу батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
Кокус жылуулук боюнча шаардыктарда суроо жаралса, ишкананын кардарларды колдоо кызматынын 1980 жана (0312) 61-11-69 телефондоруна чалууга болот.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бүгүн авариялык оңдоо иштеринен улам Бишкектеги айрым үйлөргө жылуулук азыраак берилет. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук түйүнү" ишканасы кабарлады.
Билдирмеге караганда, оңдоо иштери саат 9:00дөн 18:00гө чейин уланмакчы.
"Ордо калаадагы Буденный, Гражданский, Гоголь, Сыдыков, Сүйүмбаев, Төрөкул Айтматов жана Чүй проспекти менен чектешкен райондордогу үйлөргө жылуулук адаттагыдан азыраак берилет. Ал эми ысык суу үзгүлтүккө учурабайт", — деп айтылат маалыматта.
Ысык суу жана жылуулук боюнча шаардыктарда суроо жаралса ишкананын кардарларды колдоо кызматынын 1980 жана (0312) 61-11-69 телефондоруна чалса болору айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0