Carcheck кызматы эми бекер болбой калат. Долбоор

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКиши автоунааны текшерип жатат. Архив
Киши автоунааны текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
Сервис 2019-жылы ишке кирген. Порталдын жардамы менен пайдалануучулардын автоунаа биринчи ирет кайсы өлкөдө качан катталганын, күрөөгө жана камакка алынган-алынбаганын билип алуу мүмкүнчүлүгү болгон.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Эл арасында белгилүү болгон Carcheck автокызматы эми бекер болбойт, тагыраагы, аны пайдалануу үчүн акча төлөөгө туура келет.
Буйруктун долбоору Санариптик өнүктүрүү министрлигине тиешелүү. Бул маалыматты аталган министрликтин маалымат кызматынан тастыкташты.
Документте "Унаа" мамлекеттик мекемеси министрлер кабинетинин токтомунун негизинде мамлекеттик кызматтарга тиешелүү административдик регламентти киргизүүгө ниеттенип жатканы айтылган.
Аталган министрликтен мындай чаралар кызматты жакшыртуу жана электрондук түрдө бериле турган маалыматтардын тизмесин кеңейтүү үчүн көрүлүп жаткандыгын айтышты. Сервис 2019-жылы ишке кирген.
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Пресс-борбор
Камералар чет элдик номерлүү автоунаалардын эреже бузуусун каттайбы? Жооп
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 2021-жылдын 1-июлунда автоунаалар боюнча маалыматты электрондук түрдө алууга болот деген өзгөртүү киргизилген.
Азыр онлайн-тартипте portal.tunduk.kg мамлекеттик кызматтар порталы жана Carchek электрондук кызматы аркылуу каалаган автокөлүк боюнча маалымат алууга мүмкүнчүлүк жаралган. Мындан сырткары, транспорт боюнча кайсы бир маалыматты сурам кылып, мобилдик капчык аркылуу да алууга болот.
Алдын ала берилген маалыматтарга таянсак, электрондук форматтагы маалымат 10 сом болот. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен машина боюнча документти кагаз түрүндө алганда 120 сомго чыгарын айтышты.
Министрликтен акы төлөгөн кызмат киргизилгенде анын ичиндеги маалыматтар да арбый турганын билдиришти.
Азыр портал мамлекеттик номер боюнча кандай маалыматтарды берет:
  • автоунаанын үлгүсү;
  • модель;
  • өңү;
  • чыккан жылы;
  • кыймылдаткычтын көлөмү;
  • рулдун кайсы жагында жайгашканы;
  • транспорт боюнча маалымат, камакта/күрөөдө турабы же жокпу;
  • жол эрежелерин бузганы үчүн айып салынганбы, алар төлөндү беле;
  • буга чейинки ээлеринин тарыхы же канча кожоюну болгон.
Кошула турган маалыматтар:
  • канча чакырым жол жүргөнү;
  • автоунаанын сүрөтү.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинен маалымат үчүн акчаны банк, терминал жана электрондук капчык аркылуу төлөөгө болорун билдиришти.
Белгилей кетсек, мамлекеттик кызматтар порталында айдоочуга “Коопсуз шаар” долбоору боюнча айып пул салынган-салынбаганы текшерүү үчүн атайын бөлүм бар.  Бул кызмат Carcheck бөлүмүнө кирбейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0