Жапаров Чүй менен Бишкектеги үйлөрдү мыйзамдаштырууга так мөөнөт койду

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Ак-Ордо-3" конушунун тургундагы президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда
Ак-Ордо-3 конушунун тургундагы президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
Президент конуштарды Бишкекке кошуу маселеси документтер менен социалдык объектилер боюнча көйгөйлөр чечилгенден кийин караларын айтты.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Бишкек менен Чүй облусунда май айына чейин техникалык паспорту менен кызыл китеби жок бир дагы үй калбашы керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
Бүгүн ал Чүй облусундагы бир нече конуштун тургундары менен жолукту. Өлкө башчы шаардагы конуштар боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экенин айтып, маселе апрель-май айларында чечилерин билдирди.
"Кыргызстанда, анын ичинде Чүй облусунда техникалык паспорту менен кызыл китеби жок үйлөр калбашы керек. Губернаторлор, акимдер, айыл өкмөт башчылар ревизия жүргүзгүлө. Майга чейин убакыт берем. Эгер маселе чечилбесе, жарандардан документ жоктугу боюнча арыздар түшсө, анда губернатор, аким, айыл өкмөт башчысы иштен гана алынбастан, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланганы үчүн камалат", — деп эскертти Жапаров.
Президент конуштарды Бишкекке кошуу маселеси документтер менен социалдык объектилер боюнча көйгөйлөр чечилгенден кийин караларын кошумчалады.
"20 жылдан бери чирип калган системаны биз эми гана тартипке келтире баштадык. Баарын бир заматта чечип салуу мүмкүн эмес", — деди ал.
Жапаров 2022-жылы жергиликтүү тургундар 500 орундуу мектеп менен камсыз болот деп убадалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0