Опузалообу? Төкөлдөштө жарык эскертүүсүз өчүрүлүп, акча талап кылынууда

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүЭлектр эсептегичи. Архив
Электр эсептегичи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
Жашоочулардын айтымында, электр энергиясы үчүн акы убагында төлөнгөн, жарык компаниянын өзүнүн катачылыгынан улам өчүрүлгөн.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Бишкектеги Төкөлдөш конушунун айрым жашоочулары бүгүн эртең менен жарыксыз калды. Маалыматты "Түндүк электр" ишканасы тастыктады.
Буга нааразы болгон шаардыктар Sputnik Кыргызстан редакциясына кайрылышкан. Алар электр энергиясы үчүн акыны кечиктирбестен төлөгөнүн, жарык компаниянын өзүнүн катачылыгынан улам өчүрүлгөнүн белгилешти.
"Жарык өчкөндө мен ишканага чалдым. Алар өткөн айда пайдаланган электр энергиясы үчүн туура эмес эсеп жүргүзгөнүн айтышты. Система 0,77 сомдон эсептелген 700 киловатт-сааттын ордуна 900 киловатт-саатты эсептеп салган имиш. Мындан улам бизди карыз деп санап, жарыкты эскертүүсүз өчүрүп коюшту. Бул "Түндүк электрдин" катасы. Үйдө жаш балдар бар, мындай кылган туура эмес", — деди Балтийская көчөсүнүн жашоочусу.
Анын айтымында, электр жарыгы 215 сомго "карыз" болуп калгандан кийин өчүрүлгөн.
Заместитель министра энергетики КР Тилек Айталиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Радио
Айталиев: энергетикада жаш адистерди даярдоо долбоору иштелип чыгат
"Бул опузалап акча талап кылгандай эле болуп жатат. Биз акча төлөгөнгө аргасыз болдук. Квитанция беришкен жок. Ошондо "Түндүк электр" алган акча менен кантип эсептешет? Компаниянын жообун күтөбүз", — дешти Төкөлдөштүн жашоочулары.
"Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы системадан кеткен мүчүлүштүктүн себебин аныктап жатканын билдирди.
Буга чейин ишкана электр энергиясын колдонууда кубаттуулукка чектөө киргизген. Анда бир фазалуу колдонуучуларга 5 киловаттык, ал эми үч фазалууларга 10 киловаттык чектөө коюлган. "Түндүк электр" Бишкектеги, Чүйдөгү жана Таластагы абоненттерди тейлейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0