Жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде 3 күн эс алат. Календарь

© пресс-служба мэрии города БишкекПраздничный концерт 31 декабря на площади "Ала-Тоо" Бишкека
Праздничный концерт 31 декабря на площади Ала-Тоо Бишкека - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2021
Жазылуу
Эгерде майрам күндөр дем алышка туш келип калса, эртеси дагы иш күн болбойт. 2022-жылдын 1-январы ишембиге туш келет.
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде үч күн катары менен эс алат. Муну Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция боюнча министрликтин бекиткен календарынан карап билсе болот.
Эрежеге ылайык, эгерде дем алыш жана майрам күндөр бири-бирине туш келип калса, эртеси иш күн болбойт.
Ноутбуката иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Аралыктан иштөө Эмгек кодексине кирсе эмне өзгөрөт? Түшүндүрмө
Жаңы жыл (2022-жылдын 1-январы) ишембиге туш келгендиктен 3-январда (дүйшөмбү) эл эс алат. Демек, кыргызстандыктар 1, 2 жана 3-январда иштебейт.
Муну менен катар эле дем алыштар менен майрам күндөрдү рационалдуу пайдаланыш үчүн министрлер кабинети өзүнүн токтому менен эсептеп жылдырган токтом, кыязы, кийинчерээк чыкса керек.
Кыргызстанда 2022-жылы кайсы күндөр дем алыш болорун көрсөткөн календарды бир карап койсоңуз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0