Ушуну менен күн жылыбайбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКыз кар жаган учурда. Архив
Кыз кар жаган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2021
Жазылуу
21-ноябрдан 26-ноябрга чейин өлкөнүн түштүк аймактарында күн жылуу болуп, жаан жаабай турганы айтылды.
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, өткөн жумага салыштырмалуу келе жаткан апта бир аз жылуу болору божомолдонууда. Бишкекте 26-ноябрга чейин жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас облустары

Чүйдө 21-ноябрдан 26-ноябрга чейин жаан-чачын болбойт. Бирок 26-27-ноябрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. Күндүз абанын температурасы 13 градуска чейин жылышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-ноябрда кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
21-ноябрдан 26-ноябрга чейин өлкөнүн түштүк аймактарында күн жылуу болуп, жаан жаабай турганы айтылууда. Абанын температурасы 14 градуска чейин жогорулайт.
27-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы ыктымал. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Ысык-Көл, Нарын облустары

Бул эки облуста аба ырайы жалпысынан окшош эле боло турганы маалым болду. 26-ноябрга чейин жаан, кар жаабайт. 27-ноябрь күндүз кар жаашы ыктымал. Көлдө апта ичи абанын температурасы 4...9 градустун тегерегинде болсо, Нарында 3...5 градус гана жылыйт. Түнкүсүн суук болуп, -9...-11 градуска чейин суук болот.
Британиялык фотограф Дэнни Гриндин After the rain ( Жаандан кийин) эмгеги да алдыңкы орунга татыды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Адамзатты таң калтырган жапайы табият. Тандамал 13 сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0