"Бишкекгаздын" бригадалары газ көбүрөөк жыттанган жердин баарын текшерди

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев"Газпром Кыргызстан" ишканасынын логотиби. Архив
Газпром Кыргызстан ишканасынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Буга чейин "Бишкек сегодня" Telegram каналында газдын жыты ЦУМдун аймагында, Чүй проспекти менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишкен жеринде да сезилип жатканын жазышкан.
БИШКЕК, 19-ноя.— Sputnik. "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы "Бишкекгаз" филиалынын авариялык кызматтары Бишкекте газдын жыты чыгып жатат деген жерлерди атайын жабдуу менен карап чыгышканын билдирди.
Ага ылайык, текшерилген жерлердеги абадан метандын изи табылган эмес.
Бишкектеги ыш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Өкмөттө абанын булганышына каршы күрөшө турган өзгөчө комиссия түзүлдү
Буга чейин "Бишкек сегодня" Telegram каналында газдын жыты ЦУМдун аймагында, Чүй проспекти менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишкен жеринде да сезилип жатканын жазышкан.
Саат 20:27лерде Чыгыш-5 кичи районундагы арыздануулар боюнча тийиштүү мекеме жооп берди. Маалым болгондой, бригадалар аталган райондогу газ түтүктөрү менен кудуктарды бир нече жолу текшерип чыгышкан. Эч нерсе табылган эмес.
Свердлов райондук администрациясы "Газпром Кыргызстан" ишканасына билдирүү жөнөткөнүн кабарлады. Акимчилик дагы кырдаалды түшүндүрүүгө аракет кылып жатканы маалым болду.
Социалдык тармактын колдонуучулары газ боюнча мындай кырдаалга Бишкек ТЭЦинин тиешеси болушу мүмкүн деп боолголошкон. Бирок "Электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматы стратегиялык объект кадимки тартипте иштеп жатканын билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0