Тарых музейинде Апрель окуясы чагылдырылбай калганбы? Жетекчиликтин жообу

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO Апрель революциясынын катышуучлары. Архив
Апрель революциясынын катышуучлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Музейдин директору маселени тактап көрүп, Апрель окуясы тууралуу сүрөттөр да коюлушу мүмкүн экенин белгиледи.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Улуттук тарых музейине коюлган материалдардын арасынан Апрель революциясы тууралуу маалыматтарды алып салуу же кыскартуу тапшырмасы берилген эмес. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга аталган музейдин директору Гүлбара Абдыкалыкова билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн кээ бир ЖМКлар Тарых музейинде Апрель окуясы тууралуу сүрөттөр коюлбаганын жазышкан.
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы да музейге барып, көрүп келди. Эгемен Кыргызстанга арналган аянтчага Аксы окуясы жана Жоогазын революциясын чагылдырган сүрөттөр, ал эми Апрель окуясы тууралуу китептер гана коюлган. Музейдин директору мунун себебин так түшүндүрүп бере алган жок.
"Негизи Апрель революциясы тууралуу да сүрөттөр коюлушу керек эле. Эмнеге мындай болуп калганын азыр айта албайм. Бул аянтчаны жасаган адистер бүгүн кетип калышты. Алардан сурап тактап берейин. Бирок сүрөттөрдү атайын алып салуу боюнча бизге кимдир бирөө тапшырма бербегенин белгилеп кетким келет. Жалпы экспозицияда толуктала турган жерлери бар, мен адистер менен сүйлөшүп көрөйүн. 7-Апрель окуясынын сүрөттөрүн дагы коюп калышыбыз мүмкүн", — деди Абдыкалыкова.
 Улуттук тарых музейиндеги экспонаттар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Тарых музейин жаңылоого канча акча корогон? 770 миң евролук эмерек, 14 миңдик ат
Мындан сырткары, ал ошол эле аянтчада эгемен тарыхтагы окуяларды чагылдырган медиа станцияны көрсөттү. Андан Аксы окуясынан Апрель революциясына чейинки тарыхый сүрөт, видеолорду көрүүгө болот. Апрель баатырларынын сүрөттөрү да аты-жөнү менен кошо жазылган.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов да Апрель окуясы тууралуу сүрөттөр коюлушу керектигин айтты. Ал да атайын алып салуу тапшырмасы берилбегенин белгиледи. Министр материалдардын көбү 7-Апрель революциясына арналган "Ата-Бейиттеги" Таазим музейине коюлганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0