Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

YouTube каналдын блоктолуп калышынан кантип сактануу керек. Кеңеш

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүYouTube видохостингинин логотиби. Архив
YouTube видохостингинин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Эгерде YouTube каналга жарыяланган видеону адамдар аз көрүп жатса эмне кылыш керектигин жана страйкка кабылып калбоо үчүн эмне кылуу керек.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Sputnik Кыргызстандын креативдүү продюсери Эрнис Алымбаев YouTube видеолорду блоктоп салуудан оолак болуу жолдору менен бөлүштү.
© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстандын креативдүү продюсери Эрнис Алымбаев
Креативный продюсер Sputnik Кыргызстан Эрнис Алымбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Sputnik Кыргызстандын креативдүү продюсери Эрнис Алымбаев
Ал SputnikPro долбоорунун алкагында журналисттер жана блогерлер үчүн окутуунун алкагында сүйлөдү. Алымбаев мындай нерсеге кабылбаш үчүн маанилүү делген башкы эреже автордук укуктарды сактоо экендигин белгиледи.
"Башка бирөөнүн эмгегин өз блогуңарда жарыялоого акыңар жок экендигин эске тутуп алыңыздар. Эң биринчи нерсе, биринчи булакты белгилеп жана каналдын авторуна гипершилтеме берүү керек. Эң жакшысы — автордун өзү менен байланышып, аны кайра жарыялай турганыңызды макулдашып алуу. Биздин командага бир нече жолу чоочун бирөөнүн видеосун жарыялоо же автор менен байланышып, кайра жарыялоого уруксат алуу деген эки нерсенин бирин тандоого туура келген. Бир аз убакыт жоготуп, күтүп калганыбыз менен бирок автордук укукту сактадык. Бул биздин каналды жаап салуудан оолак болгон майнаптуу ыкмалардын бири болуп калды", — деп түшүндүргөн Алымбаев.
Ал, мындан сырткары, эгерде YouTube каналга жарыялаган видеону эл аз көрүп жатса, кандай жолдорду колдонуу керектигин да айтып берген.
Аниматор Жалил Муканбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2021
Netflix, Disney менен иштешүүнү көздөйбүз. Аниматор Жалил Муканбетов менен маек
"Мисалы, каналыңызга видео чыгарып, аны көргөндөр бир нече миң киши болуп, өсө баштады дейли. Бирок кандайдыр бир нерсе болуп, ал 200дөн 800гө чейин кыскарып кетти. Мындай учурда эмне кылыш керек. Аны сүрөттөп жазылгандары, текти, видеого коюлган тема менен заставканы өзгөртүү керек", — деп түшүндүргөн Алымбаев.
Ал YouTube менен иштөө ыкмасын өзгөртүү керектигин белгилеген. Эгерде жогорудагылардын бардыгын жасап, бирок такыр эле эч нерсе өзгөрбөсө, анда видеону каналга кайрадан салуу керектигин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0