Кыргызстан автобус чогултуу боюнча КамАЗ менен келишим түздү

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүШаардык КАМАЗ автобустары. Архив
Шаардык КАМАЗ автобустары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Лицензиялык келишимге бизнес-форумда кол коюлду. Автобус жыйноочу өндүрүштү Токмокто ачуу пландалууда.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бишкекте өткөн кыргыз-татар ишкердик форумунда "КамАЗдын" тышкы соода компаниясы менен "Шыдыр Жол KG" ишканасынын ортосунда макулдашууга кол коюлду.
Ага Татарстандын (РФ) президенти Рустам Минниханов менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев катышкан.
Тышкы соода компаниясынын башкы директорунун милдетин аткарып жаткан Василий Цыганов, ал "КамАЗ" ачык акционердик коомунун туунду компаниясы экенин жана машина курган гиганттын продукцияларын тышка сатуу боюнча иш алып барарын айтты.
"Буга чейин кызматташуу ниети боюнча меморандумга кол коюлган. Азыр бул долбоор өнүгүп, Кыргызстанда автобус жасай турган өндүрүштүн техникалык экономикалык негиздемеси иштелип жатат. Бүгүн биздин өнөктөштөргө чогулта турган укук берген лицензиялык макулдашууга кол коюлду", — деди Цыганов.
Ал өндүрүштүн башталышына аз этап калгандыгын, жакында жабдууларды алып келүү башталарын белгиледи. Лицензиялык макулдашуудан соң келишимге кол коюлмакчы.
Жергиликтүү компаниянын жетекчиси Русланбек Балтабаев төмөнкүлөрдү билдирди:
  • чогултуу өндүрүшү Токмокто иш алып бармакчы;
  • экономисттер күнүнө эки автобус жасаларын эсептеп чыгышкан;
  • автобустар бийик болбойт, метан менен иштейт;
  • биринчи иретте жергиликтүү рынокко иштөөнү пландап жатышат;
  • топтогон өндүрүш пайдалуу, даяр автобустарга салыштырмалуу тетиктер кошумча нарк салыгысыз (12 пайыз) келет;
  • чогултуу өндүрүшүн эмдиги жылы баштоону пландап жатышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0